«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен Ысык-Кɵлдүн тескейинде ишембилик ɵткɵрүштү

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен Ысык-Кɵлдүн тескейинде ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 21 September 2017

«Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери жергиликтүү бийликтердин ɵкүлдɵрү жана «Кумтɵр» компаниясы тарабынан уюштурулган микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен бирге Ысык-Кɵлдүн тескейинде ишембилик ɵткɵрүштү. «Кумтɵрдүн» кен ишканасынан жана Бишкек кеңсесинен иштɵɵчүлɵр бир дем алыш күнүн Тоӊ районундагы Кескен-Бел ашуусунда машина токтотуучу жайдын жана Жети-Ɵгүз районунун Тосор айылындагы пляждын территориясын тазалоого арнашты. Бул эки участоктон 30дан ашуун кап таштанды чогултулду. Жергиликтүү администрациялар таштандыны тɵгүүчү жайларга ташуу үчүн транспорттон жардам беришти.
Эске сала кетсек, «Жети-Ɵгүз финанс», «Тоң Финанс» жана «Балыкчы Финанс» микрокредиттик уюмдары «Кумтɵр» компаниясы тарабынан уюштурулган жана алар иштегенден бери областтагы 10 миӊден ашуун үй-бүлɵ Кыргызстандагы эӊ тɵмɵн үстɵк пайыз менен насыялардын эсебинен ɵздɵрүнүн кичи бизнестерин баштай же кеӊейте алышты.
Иш чара корпоративдик ыктыярчылыкты жайылтуу боюнча «Кумтɵрдүн элчилери» программасынын алкагында уюштурулду. Ɵткɵн жылы «Кумтɵрдүн элчилери» муктаждарга жардам кɵрсɵтүү боюнча ар кандай акцияларга жалпылап 3000ден ашуун саат жумшашкан. 2017-жылы кызматкерлер бул кɵрсɵткүчтү дагы 1000 саатка кɵбɵйтүүнү пландаштырышууда.
«Биз үчүн компаниянын экологиялык долбоорлоруна катышуу ɵтɵ маанилүү. Ысык-Кɵл – биздин жалпы берметибиз. Анын абалына жоопкерчилик баарыбызда жатат. Ɵз аракеттерибиз менен биз эс алуучулар жана жергиликтүү жашоочулар үчүн мисал боло алабыз. Ɵз салымдарын кошушкан жана жан-дили менен бизге жардамдашышкан балдарды кɵрүү ɵзгɵчɵ жагымдуу. Алар чоӊойгондо жээкти булгашпай турганына ишенем», – деп белгиледи компаниянын жер иштери боюнча бɵлүмүнүн жетекчиси Кадыр Керимкулов.