Кумтөр – Кыргызстандын өнүгүшүнүн флагманы

Кумтөр – Кыргызстандын өнүгүшүнүн флагманы

Жарыяланган: 20 August 2021

Кумтөрдүн ишкердигинин өлчөмү өлкөнүн бүтүндөй экономикасынын өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ, жана көптөгөн адамдардын кызыкчылыгына таасир этет. Бул жоопкерчиликти сезип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө толук салым кошууну “Кумтөр Голд Компанинин” (КГК) Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк компаниянын эң маанилүү принциптеринин бири катары түзүп чыкты.

Бүгүнкү күндө” Кумтөр ” өнүгүүнүн улуттук долбоорлорун да, коомдук демилгелерди да иш жузүнө ашырууга жардам берет.

Өлкөнүн экономикасы сапаттуу жолдор менен башталат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги стратегиялык унаа жолун оңдоо демилгеси Кумтөр тарабынан колдоо көрдү. Иш август айында башталып, толугу менен ата мекендик компаниялардын күчү менен жүргүзүлүүдө. Балыкчы – Барскоон автожолунун реконструкциялоосу биринчи жолу 50 жылдан кийин жасалып жатат.

Керектүү ресурстарды берүү менен КГК өзү региондордо илгерилөөчү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү демилгелейт. Жакын арада Кыргызстандын бир калк отурукташкан жерлеринде чөң темир көпүрөсү орнотулат. Кен ишканасында бул темир көпүрө колдонулбай калган жана ошол себептен аны металлоломго өткөрүп салалы деп жатышкан. Бирок КГКны Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк ал орнотмону калтыртып, муктаж болгон республиканын калктуу конушуна өткөрүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле, КГК көпүрөнү ташып берүүгө жана орнотууга жардам берет.

Компаниянын социалдык программасындагы маанилүү орунду балдар үйлөрүнө жана карылар үйлөрүнө жардам көрсөтүүсү болуп саналат. Жакында “Кумтөр” Нижне-Серфимовадагы эң ири социалдык мекемесин, карылар үйүн,  өз камкордугуна алып суу жана автоунаа маселесин чечип берди.

КГК өзгөчө муктаж болгондорго кайрымдуулук жардамын бара бара көрсөтүп келе жатат. Кумтөр кендин аймагында жашаган чабандарга 45 тонна отун берип жардам кылды. Малчыларга мындай жардамга өтө зарыл, анткени атүгүл жайында Кумтөрдө абанын температурасы нөлдөн төмөндөйт, ал эми бак-дарактар мындай бийиктиктеги шарттарда такыр өспөйт.

“Биздин максатыбыз бул “Кумтөрдү” чыныгы социалдык жооптуу компанияга айландыруу. КГК башка тоо-кен ишканалар үчүн үлгү болуп жана анын жолун башкалар жолдогонун каалайбыз.  Чынчыл болуу керек, ишти ачык-айкын алып баруу керек. Өлкөбүзгө жардам берүү бул биздин милдетибиз”, – деп  Кумтөр Голд Компани ” ЖАКунун Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.