Кыргыз жабдуу жана агробизнести өнүктүрүү долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда 1 500 гектар жерди реабилитациялоону аяктады

Кыргыз жабдуу жана агробизнести өнүктүрүү долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда 1 500 гектар жерди реабилитациялоону аяктады

Жарыяланган: 11 July 2014

2014-жылдын 11-июлунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл аймагынын территориясында калыбына келтирилген суткалык жөнгө салуу бассейнинин (СЖБ) жанында реабилитацияланган жер участокторун ачуу аземи болуп өттү.
land rehabilitation
Жерлерди реабилитациялоо «Кумтөр Голд Компанинин» финансылык колдоосу астында Жер семирткичтерди өнүктүрүү эл аралык борбору (IFDC) жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз жабдуу жана агробизнести өнүктүрүү долбоору (KAED) тарабынан жүзөгө ашырылды. Аземге Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы, KAED долбоорунун адистери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бул демилгенин алкактарында Светлая Поляна жана Жети-Өгүз айыл өкмөттөрүндө жалпы аянты 1 500 га. эки участок реабилитацияланды. Долбоорду жүзөгө ашырууга «Кумтөр» компаниясы 242 миң АКШ долларын бөлгөн. KAED долбоору жана жергиликтүү фермерлер адистерди жана жумушчу күчүн бөлүштү. Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы биринчи участокто насос станциясы реконструкцияланды, суткалык жөнгө салуу бассейни тазаланды жана трансформатор жана электр берүү линиясы орнотулду. Светлая Поляна айылындагы экинчи участокто суткалык жөнгө салуу бассейни тазаланды жана калыбына келтирилди.

Иригациялык системаны реабилитациялоонун натыйжасында Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 425 га. жери толук бойдон сугат суу менен камсыз болмокчу. Реабилитацияланган жерлер жергиликтүү жашоочуларга аукцион өткөрүлүү аркылуу ижарага берилмекчи. Андан тышкары, бул долбоордун алкактарында көрсөтмөлүү күндөр өткөрүлмөкчү.

«Долбоор 2014-жылдын августунун аягында гана аяктоосу күтүлгөн. Жергиликтүү бийликтер жана жергиликтүү жамаат менен биргелешкен аракеттерден жана тыгыз кызматташуудан улам калыбына келтирүү иштерин июнь айында эле аяктай алдык. Эми фермерлер жакшы түшүм алыша тургандыгына ишенем», – деп белгиледи KAED долбоорунун адиси Убайдулла Абдуллаев.

«Сугат суу менен проблеманы чечүүдө жардам сурап бизге айылдын жашоочулары кайрылышкан. Биз иштерди ушундай кыска убакытта аяктай алганыбызга кубанычтабыз. Реабилитацияланган объектилер жашоочуларга дагы узак жылдар кызмат кылып, ошондой эле бардык кызыкдар тараптарга өз кирешелерин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгына ишенем», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

2013-жылы KAED долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Жети-Өгүз районунда эки участокту реабилитациялоону жүргүзгөн. 2014-жылдагы жаңы долбоор апрелде башталган жана өткөн жылы жүргүзүлгөн ийгиликтүү мисалга жана ишке негизделген. Келечекте, эгерде түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча технологиялар жана топурактын асылдуулугун калыбына келтирүүнүн заманбап методдору колдонулса, реабилитацияланган участоктордо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү 50 пайызга көбөйө тургандыгы күтүлүүдө. Бул демилгеден улам, фермерлер буудайдын, арпанын жана көп жылдык чөптүн түшүмүн көбөйтө алышат. Картошка, сарымсак, май жана буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу башка өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө болот.