«Кумтөрдүн» кызматкерлери «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо-кен жана жардыруу иштеринин абалы жана келечеги» илимий-техникалык конференцияга катышышты

«Кумтөрдүн» кызматкерлери «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо-кен жана жардыруу иштеринин абалы жана келечеги» илимий-техникалык конференцияга катышышты

Жарыяланган: 28 December 2015

2015-жылдын 17-декабрында тоо-инжернердик бөлүмдүн кызматкерлери жана жетекчилери «Геодезия жана Маркшейдер иши» кафедрасынын 15 жылдыгына жана «Ачык тоо-кен жана жардыруу иштери» кафедрасынын 10 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо-кен жана жардыруу иштеринин абалы жана келечеги» илимий-техникалык конференцияга катышышты.
Кубаныч Молдобеков конференциянын катышуучуларына «Кумтөр Голд Компани» КРдин экономикасына кошуп жаткан салымынын мааниси тууралуу айтып берди. Ошондой эле корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында компаниянын атынан Тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президент Родни Ступариктин катышуусунда академик У. Асаналиев атындагы Тоо кен Иштери жана Тоо кен Технологиялары Институтуна макет жана окуу куралдары катары маркшейдердик аспаптар тахеометр Trimble 5601 жана GPS шайманы Trimble 5800 комплекттерин тарпшырды.
Акциянын бардык катышуучуларынын атынан «Геодезия жана Маркшейдердик иштер» кафедрасынын жетекчилигине 30 000 сом каржылык жардам берилди. Бул каражат иш-чараны колдоого жана «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо-кен иштеринин жана жардыруу ишинин абалы жана келечеги» жыйнагын чыгарууга жумшалмакчы.
Өз кезегинде Тоо кен иштери жана Тоо кен технологиялары Институтунун директору Маралбаев А.К. жана Геодезия жана маркшейдердик иш кафедрасынын башчысы Чунуев И.К.: «Геодезия жана маркшейдердик иш» кафедрасынын 15 жылдыгына арналган иш-чараны колдоого алган инжернердик бөлүмүнө, өзгөчө маркшейдер адистерге ыраазыбыз. Бүтүндөй иш-чарага жана жыйнакты басып чыгарууга каржылык колдоо көрсөтүп, «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо иштеринин жана жардыруу ишинин абалы жана келечеги» илимий-техникалык конференциясына катышып бергениңиздерге рахмат! «Кумтөр Голд Компаниге» профессионалдык өсүштөрдү каалайбыз» – деп, ыраазычылык билдиришти.
Акциянын катышуучуларынын ар бирин атап өтсөк, алар- Жумалиев Каныбек, Молдобеков Кубаныч, Кекиликов Темирбек, Мусаев Шерик, Карыбаев Марат, Кожоканов Алиаскар, Бердибекова Эльвира, Сакибаев Эрик, Айдаралиев Ролан, Такабай уулу Нурбек, Каныметов Суйунбек, Токтогонов Ринат, Орозбек уулу Мирлан, Курманов Адилет и Танабаев Нурбек.

engineering conference1

engineering conference

engineering conference2