«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Каракол зоопаркына колдоо кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Каракол зоопаркына колдоо кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 18 April 2016

16-апрелде компаниянын кызматкерлеринин тобу Каракол зоопаркында анын кызматкерлерине жайкы сезонго даярдык кɵрүүгɵ жардам кɵрсɵтүү максатында болушту. Кумтɵрчүлɵр зоопарктын аймагында ишембилик уюштуруп, кɵчɵт отургузуп, жаныбарлар кармалчу жайларды тазалашты. Арасынан эӊ жүрɵктүүлɵрү жаныбарларга тамак берүүдɵ да администрацияга кɵмɵктɵшүштү.

Акция кызматкерлерди компания каржылаган долбоорлорго тартууга багытталган «Кумтɵрдүн элчилери» ички корпоративдик программанын алкагында ɵткɵрүлдү. Бул программа башталган 2015-жылдан бери кызматкерлер 40тан ашуун акцияга катышуу менен 2 000 сааттай убактысын ыктыярчылыкка жумшаган.

«Экологиялык долбоорлорду колдоо биздин компания үчүн Ысык-Кɵл облусун комплекстүү туруктуу ɵнүктүрүү стратегиясынын алкакагында каржылоонун тɵрт приоритеттүү багыттарынын бири. Ошондуктан, зоопарк колдоо кɵрсɵтүү ɵтүнүчү менен кайрылганда – кɵӊүл кош кала алган жокпуз, себеби бул – адамдар фаунанын ɵтɵ сейрек ɵкүлдɵрүн, атүгүл, Кызыл китепке киргендерин да кɵрɵ ала турган ɵлкɵбүздүн аймагындагы жалгыз зоопарк. Биз үчүн мындай түрдɵгү долбоорлорго тартылуу ɵтɵ кызыктуу, анткени ал компаниянын бир бɵлүмүнүн гана эмес, кɵптɵгɵн кызматкерлерин да бириктирет», – деп белгиледи персоналды башкаруу бɵлүмүнүн жетекчиси Болот Асанакунов.

Эске салсак, «Кумтɵр» республика аймагындагы иштеген жалгыз зоопарктын ири демɵɵрчүлɵрүнүн бири катары бир нече жылдан бери колдоп келет. 2013-жылдан баштап компаниянын зоопарктын инфраструктурасын ɵнүктүрүүгɵ жана анын иштɵɵсүн камсыз кылууга салымы 7,8 млн. сомду түздү. 2016-жылы компания дагы 2 млн. жакын сом бɵлмɵкчү. Бɵлүнгɵн каражат зоопарктын тосмосун бекемдɵɵгɵ, жаныбарлар кармалган жайлар үчүн зарыл жабдууларды даярдоого жана башка административдик муктаждыктарга жумшалат. Учурда зоопаркта жаныбарлардын 35 түрүнүн 140тай ɵкүлү жашайт.

«Зоопаркта 14 адам иштейт – бул анча чоӊ эмес штат жана кɵп учурда ишембилик ɵткɵрүүгɵ убактыбыз жетишпейт. Биз «Кумтɵрдүн» кызматкерлерине дем алыш күндɵ биздеги жаӊы жаныбарга – бала-арстан Симбага жай даярдоого жардам берип, аюулар менен жапайы доӊуздардын жайларын бекемдɵɵдɵ-ширетүү иштерин аткарууга Караколдун №14 кесиптик лицейден ɵнɵктɵштɵрүн чакырганы үчүн ыраазыбыз. Биз ɵзүбүз мындай масштабдуу ишембилик ɵткɵрɵ жана бир күндɵ мынчалык ишти жасай да лмак эмеспиз», – деп белгиледи зоопарктын директору Салтанат Сейитова.