«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы камкордукка алынган Карылар үйүнɵ жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы камкордукка алынган Карылар үйүнɵ жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 06 June 2016

2016-жылдын 29-майында «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Карылар үйүндөгү карыяларга белек жеткирип, кайрымдуулук көрсөтүштү.

Буга чейин компанияда алдын ала каражат жыйноо уюштурулуп, чогултулган 30 миң сомдон ашуун суммага азык-түлүк, кийим-кече, шейшеп, жуучу-тазалоочу жана гигиена каражаттары сатып алынган. elderly1 Белгилей кетсек, бул пансиондо турган карыялардын кɵпчүлүгү ар кандай себептерден улам карыганда жалгыз, багар-көрөрү жок калган Кара-Балта тоо-кен металлургиялык комбинатынын мурдагы кызматкерлери.

Кайрымдуулук акциясына катышкандар: Жумалиев Каныбек, Мокеев Тынчтык, Рыспаев Нурадил, Өтөгөнова Анара, Оскоева Назгуль, Гаврилова Марина, Абдыкеримов Азирет, Самcаков Джумабек, Джусупов Таалай, Евсеева Елена, Иванов Владимир, Карымшаков Талайбек, Момуналиев Рустам, Дюшембиев Түгɵл, Эшмукамбетов Курманбек, Шамырбаев Данияр, Курмаев Константин, Булгаков С, Кудашев Андрей, Фирсов Алексей жана башкалар.

elderly