«Кумтɵрдүн» кызматкерлери куткаруучулардын күбɵлүктɵрүн жана мамлекеттик үлгүдɵгү сертификаттарды алышты

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери куткаруучулардын күбɵлүктɵрүн жана мамлекеттик үлгүдɵгү сертификаттарды алышты

Жарыяланган: 26 July 2016

ƟКМдин окуу борборунда «Кумтɵр Голд Компанинин» Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан окутуудан ɵтүшкɵн куткаруучуларына куткаруучулардын күбɵлүктɵрүн жана сертификаттарды тапшыруу аземи болуп ɵттү. Бул “Кумтɵрдүн” бул окуу борборунан окутуудан ɵтүшкɵн үчүнчү тобу. Жалпысынан ƟКМдин борборунан “Кумтɵрдүн” жыйырма жети куткаруучусу даярдыктан ɵтүштү.

Эки жума аралыгында кумтɵрчүлɵр КРнын ƟКМинин адистеринин жардамы менен ар күнү куткаруу илимин окуп жатышты. Балдар кантип издɵɵ-куткаруу иштерин жүрүгүзүүнү, жабыр тарткандарга кантип психологиялык жардам кɵрсɵтүүнү жана авариялык кырдаалдарда иштɵɵнү, атайын каражаттарды колдонууну үйрɵнүштү.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир тоо-кен ишканасында авариялык-куткаруу командасы түзүлɵт. “Кумтɵрдɵ” мындай ыктыярдуу командалар ишкана түзүлгɵндɵн бери бар. Алар ар жумада ɵрт ɵчүрүү, биринчи медициналык жардам кɵрсɵтүү техникасына машыгышат, үзгүлтүксүз мелдештер ɵткɵрүлүп турат. Бирок, акыркы жылдары, куткаруу кызматы жана куткаруучулар жɵнүндɵ мыйзам чыккандан кийин, “Кумтɵрдүн” арвариялык-куткаруу командаларын легитимдештирүү маселеси келип чыкты. Ушундан улам “Кумтɵрдүн” жетекчилиги КРнын ƟКМине “Кумтɵрдүн” куткаруучуларын министрлик бекиткен программа боюнча даярдоо ɵтүнүчү менен кайрылды. Бул программа Кыргызстан да кошулган Жарандык коргоонун эл аралык уюмуна кирген дүйнɵнүн 56 ɵлкɵсүндɵ макулдашылган жана жактырылган.

Китепчелерди алышкандан кийин кумтɵрчүлɵр дүйнɵнүн ɵлкɵлɵрүнүн куткаруучулар корпусунун толук баалуу мүчɵсү болуп калышты, ɵзгɵчɵ кырдаалдар зонасында иштɵɵгɵ, издɵɵ-куткаруу иштерин жүргүзүүгɵ укук алышты. “Кумтɵрдүн” куткаруучулары тигил же бул потенциалдуу ɵзгɵчɵ кырдаалдарда аракеттенүүгɵ дайым даяр!