«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 25 July 2017

Ишембиде, 2017-жылдын 22-июлунда, «Кумтɵр» компаниясынын администрация жана персоналды ɵнүктүрүү бɵлүмдɵрүнүн кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлгү чектелген балдар реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясы менен болушту. Бɵлүмдүн кызматкерлери чогулткан каражатка Борбордун чогулуш залында аба сергиткич алынып коюлду, оюн бөлмөлөрүнө килемдер, жалаяктар, кийим жана таттуулар алынып жеткирилди.

Сокулук реабилитациялык борбору 2014-жылы мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдарды ɵз алдынча активдүү жашоого мүмкүн болушунча жакшы даярдоого кɵмɵктɵшүү үчүн тарбиялоонун жана окутуунун оптималдуу шарттарын камсыз кылуу максатында түзүлгɵн.

«Кумтɵрдүн элчилери» бул социалдык мекемеге ɵткɵн жылдан баштап даректүү жардам кɵрсɵтүшөт. Кумтɵрчүлɵр борборго мындан ары да жардам берүүнү ниеттенет жана кийинки жолкусу ушул жылдын август айында болмокчу.