«Кумтөр» кен ишкана кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жардам беришти

«Кумтөр» кен ишкана кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жардам беришти

Жарыяланган: 01 November 2017

2017-жылы 14-октябрда «Кумтөр» кен ишкана кызматкерлери, «Кумтөрдүн элчилери» корпоративдикыктыярчылык программасынын алкагында, Беловодскидеги психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге кайрымдуулук иш сапары менен барышты. Кумтөрчүлөр чогулткан акча каражатына мекеме тарбиялануучуларына жеке гигиена каражаттарынан 112 топтом сатып алынып, жеткирилди. Белгилей кетсек, 2017-жылдын июль айында Беловодск психоневрологиялык социалдык мекеменин директору Интернетте жардам сурап, кайрылган.
Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине белек тапшыруу менен бирге «Кумтөрдүн Элчилери» ар бир бөлмөнүн акыбалын өз көзү менен көрүп,карап чыгышты. Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекме директорунун орун басары кумтөрчүлөрдөн терезелерди жылуулоодо керектелүүчү пленка сатып алууга кошумча жардам берүүнү суранды. Ошол эле күнү, Кумтөрчүлөр интернат үйүнүн терезелерин жылуулоого, жалпы салмагы 48,8 кг болгон бир рулон пленканы интернат-үйдүн тарбияланоочуларуна жеткирип беришти.
Беловодск психоневрологиялык социалдык стационардык мекемежетекчилиги, интернаттын тургундарына гуманитардык жардам үчүн, «Кумтөр» кен ишкана кызматкерлерине ыракмат айтып, ыраазычылык кат жолдоду.