«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Балыкчы шаарынын пляждарында ишембилик уюштурушту

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Балыкчы шаарынын пляждарында ишембилик уюштурушту

Жарыяланган: 19 July 2017

Ɵткɵн дем алышта «Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Балыкчы шаарынын муниципалитети жана жаштар бирикмелери менен бирге шаардын үч пляжында тазалап-жыйноо иштерин жүргүзүштү. Уюштуруучулар менен катар эле пляждын аймагын тазалоого эс алуучулар да кошулушту, а Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бɵлүмү кɵлдүн жээкке жакын аймагындагы түбүн тазалоо үчүн эки аквалангист жɵнɵткɵн. Иш чаранын алкагында жаштар жергиликтүү артисттердин, бий топторунун, ошондой эле бир катар музыкалык аткаруучулардын ɵнɵр кɵрсɵтүүсүн уюштурушту.

Акция ыктыярчылыкты ɵнүктүрүүгɵ жана жергиликтүү жамааттар менен ɵз ара аракеттенүүнү бекемдɵɵгɵ багытталган «Кумтɵрдүн элчилери» ички корпоративдик программасынын алкагында ɵттү. Иш чарага элүүгɵ жакын адам катышты. Ишембиликтин эӊ активдүү катышуучуларына «Кумтɵр Голд Компани» атынан эстелик сыйлыктар тапшырылды. Бардык катышуучулар компаниянын кызматкерлери менен жай кырдаалда түз баарлашып жана ɵздɵрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болушту.

«Бүгүн биз жыйналган таштандылар менен бир жүк ташуучу машинанын жарымын толтурдук. Мындай акцияларды ɵткɵрүүгɵ жана анда ƟКМ, муниципалитет жана «Кумтɵр» компаниясы сыяктуу ɵнɵктɵштɵрдүн колдоосун алганыбызга кубанычтабыз. Ошол эле учурда биз адамдардын аӊ-сезими акырындап ɵзгɵрɵт жана жакынкы болочокто бизге башка жарандарыбыздын артынан пляждарды тазалап отурууга туура келбейт деп үмүттɵнɵбүз», – деп белгиледи «Балыкчы Акжол Ынтымагы» жаштар кыймылынын лидери Арнабек уулу Азамат.