“Кумтөрдүн” кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүнө кезектеги жардамын беришти

“Кумтөрдүн” кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүнө кезектеги жардамын беришти

Жарыяланган: 31 July 2017

Кумтөр кениндеги жана Бишкектеги кеңсе кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүнө кезектеги жардамын беришти. Бул мекеменин 120 баласына спорттук бут кийимдерди сатып алуу үчүн каражат жыйноо чакырыгына кен ишкана менен башкы кеңсенин дээрлик бардык бөлүмдөрүнөн тез кошулушту. Жыйналган 98 миңдей сомго ар кандай социалдык себептерден улам үй-бүлөлөдөн тышкары өсүүгө аргасыз балдардын спорт менен алектенип, сергек жашоосуна ылайыктуу бут кийимдер сатып алынды. Белек тапшырган учурда тарбиялануучулардын көпчүлүгү жайкы лагерлер менен эс алуу жайларында болуп, 30 бала гана бут кийимди дароо алышты, а калган 90 жуп кроссовка балдардын кайтышын күтүүдө.

Бул демилге мурдагы акциянын уланышы, анда Кумтөрдүн Элчилери бул балдар мекемесинде стол тенниси секциясын уюштуруп, толук жабдышкан. Акциянын катышуучулары балдардын спорт менен алектенүүгө ылайыктуу бут кийимдери жок экенин байкап, ал маселени чечишти. Военно-Антоновка балдар үяүнүн жетекчиси Аскар Масылов кайрымдуулук жана боорукерлик үчүн ыраазылык билдирди жана ал күнү болбогон ар бир бала өз бут кийимин аларына көз салууга убада берди.

Чогултулган акча керектүүдөн ашык болгондуктан, калган каражат башка балдар үйлөрүнө жардам берүүгө жумшалмакчы.

«Кумтөрдүн элчилери» корпоративдик ыктыярчылыкты жайылтуу программасында компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жигердүү катышууда жана үзгүлтүксүз негизде республиканын көптөгөн балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүшүүдө.