«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Кажы-Сай айылындагы пляжда ишембилик ɵткɵрүштү

«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Кажы-Сай айылындагы пляжда ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 03 August 2017

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана уюмдардын ɵкүлдɵрү менен бирге Тоӊ районунун Кажы-Сай айылындагы пляжда ишембилик ɵткүрүштү. Жалпысынан акцияга 50дɵй адам катышты.

Ишембиликке эӊ активдүү катышкандарга, ошондой эле жардамга келген эс алуучуларга компаниядан эстелик белектер тапшырылды. Коопсуздукту камсыздоого негизделген корпоративдик баалуулуктары бар, социалдык жоопкер компания катары, КГК пляжда эс алгандар менен ɵз тажрыйбасы жана билими менен бɵлүшүүнү чечти. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бɵлүмүнүн кызматкери сууга чɵгүп бараткандарды сактоо боюнча тренинг ɵткɵрдү. Бардык чогулгандар пляжда мүмкүн болгон кырсыктар учурунда биринчи жардамды кантип туура кɵрсɵтүүнү иш жүзүндɵ кɵрɵ алышты. Ага кошумча, бардык кызыккан адамдарга компаниянын ɵнɵктɵшү – Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунан биринчи жардам кɵрсɵтүү боюнча буклеттер тапшырылды.

«Биз иш участокторунда сактык чараларын жана коопсуздук техникасын бекем сактайбыз жана кɵрсɵткүчтɵрүбүздү дайыма жакшыртабыз. Баарыбызды үйдɵ үй-бүлɵлɵрүбүз күтүп турушат – жана бул биз үчүн маанилүү. Биз балдарыбыздын болочок коопсуздугу үчүн биргелешип аракет кылуу үчүн бул маданиятты ɵлкɵбүздүн башка жарандары менен да бɵлүшкүбүз келет», – деп белгиледи «Кумтɵрдү» эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бɵлүмүнүн кызматкери Айбек Айткулиев.

Иш чара корпоративдик ыктыярчылыкты жайылтуу боюнча «Кумтɵрдүн элчилери» программасынын алкагында өттү. «Кумтɵрдүн элчилери» ɵткɵн жылы муктаждарга жардам кɵрсɵтүү боюнча ар кандай акцияларга жалпысынан 3000 сааттан ашык жумшаган. 2017-жылы кызматкерлер бул кɵрсɵткүчтү дагы 1000 саатка кɵбɵйтүүнү пландаштырышууда.