«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери Кыргызстандагы беш балдар үйүндө стол тенниси секциясын ачууга жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери Кыргызстандагы беш балдар үйүндө стол тенниси секциясын ачууга жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 10 November 2017

2017-жылдын май айында «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярчылар тобу, Кыргызстандагы балдар үйүндө балдар спортун өнүктүрүү долбоорун баштаган. Июнь айында «Кумтөрдүн элчилери» чогулткан акча каражатка Военно-Антоновка балдар үйүнө биринчи стол теннисин алып беришкен. Мекемеге барган учурда тарбиялануучуларына волейболдук тор, футбол, баскетбол, волейбол топторун кошо сатып ала барышкан. Акциянын уюштуруучулары, каражат чогултуп, дагы республиканын балдар үйлөрүнө стол тенниси секцияларын ачуу жөнүндө макулдашты.

Жыйынтыкта, «Кумтөрдүг Элчилери» 2017-жылдын ноябрына карата Кыргызстандын беш балдар үйүндө стол тенниси боюнча секция уюштурду.
1. Ата-эненин камкордугунан калган балдар жана жетим балдар үчүн Военно-Антоновка балдар үйү (Чүй облусу).
2. Панфиловкадагы жетим балдар мектеп-интернаты (Чүй облусу).
3. Ата-эненин камкордугунан калган жана жетим балдар үчүн Чүй мектеп-интернаты (Чүй облусу).
4. Ак-Суу балдар үйү (Ысык-Көл облусу).
5. Угуусу начар жана кечдүлөйлөр № 21 Республикалык жалпы билим берүү мектеп-интернаты (Бишкек шаары).

Бардыгы болуп беш теннис столдору, ракетка жана шариктердин топтому сатып алынган. Чеберчиликти арттыруу, командалык рухту жана балдар үйлөрү арасында баарлашууну жогорулатуу үчүн, стол тенниси боюнча туруктуу иштеген Балдар лигасын түзүү сунушталып, бул программанын алкагында мектеп тыныгуусун учурунда Күзгү жана Жазгы эки турнир өтүп турмакчы. Бул демилгени Кыргызстандагы стол тенниси боюнча ассоциациясы да колдоду.

2017-жылдын 29-октябрында, «Карвен» стол тенниси Борборунда, Кыргыз Республикасынын балдар үйүлөрүнүн тарбиялануучулары, интернат жана адистештирилген балдар борборунан келген балдар арасында стол тенниси боюнча биринчи балдар лигагасынын «Күзгү» турнири болуп өттү.
Мелдешке, Кыргыз Республикасынын адистештирилген балдар борборлору жана 7 балдар үйлөрүнөн келген 60ка жакын улан кыздыр катышты. Мелдеш, командалык жана жеке зачетто жигиттер жана кыздар арасында өз-өзүнчө өттү. Командалык мелдештин жыйынтыгында, жигиттер арасында да, кыздар арасында да Ысык-көл облусунун Ак-Суу мектеп-интернаты биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөр жана призерлор кубок, медаль жана мактоо баракчалары менен сыйланып, демөөрчүлөрдөн баалуу белектерди алышты.