«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүндɵ стол тенниси секциясын ачууга жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүндɵ стол тенниси секциясын ачууга жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 02 June 2017

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында «Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүндɵ болушту. Балдар мекемесинин жетекчилиги менен алдын-ала макулдашуу боюнча, «Кумтɵрдүн элчилери» акча каражат чогултуп, балдарга стол тенниси үчүн эмерек, волейбол торчосун, футбол, волейбол жана баскетбол топторун сатып беришти.


«Акция ɵткɵрүүдɵ бизге стол теннси боюнча КРнын жети жолку чемпиону, спорт чебери Алишер Якупбаев чоӊ жардам кɵрсɵттү, ал 10 ракетка жана машыгуучу шариктер топтомун белек кылды. Аны менен бирге балдарды колдоо жана мастер-класстарɵткɵрүү үчүн стол тенниси боюнча КРнын чемпиону, спорт чебери Элина Модубашова жана спорт чеберине кандидат Айтахунов Абдулжан да келишти. Балдар чемпиондор менен ойноо мүмкүнчүлүгүнɵ абдан кубанып, кезектешип алар менен рахаттана ойношту. Биз мындан ары да балдар спортун ɵнүктүрүү боюнча долбоорубузду алдыга жылдырууга ниеттенебиз жана Кара-Балта, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы балдар үйлɵрүндɵ дагы бир нече стол тенниси секцияларын ачууну каалайбыз. Масштабын эске алуу менен биздин демилгени колдоону каалаган ар бир адамга ɵтɵ кубанычта болобуз», – деп билдирди акциянын уюштуруучусу Куваныч Кожегулов.

Акцияга тɵмɵнкү кызматкерлер катышты: Нурбек Толобаев, Каныкей Карымшакова, Нурдин Айбашев, Айбек Абдувалиев, Константин Ишенко, Сергей Мироненко, Куваныч Кожегулов, Жеӊиш Исманов, Нурадил Рысбаев, Азирет Абдыкеримов, Бен Феррис, Арстан Жоошбаев, Данияр Касымалиев жана Нурбек Мусаев.

Корпоративдик ыктыярчылыкты өркүндөтүү боюнча «Кумтɵрдүн элчилери» программасына компаниянын бардык бɵлүмдɵрүнүн кызматкерлери катышып, үзгүлтүксүз негизде республиканын бардык балдар мекемелерин колдошот.