«Кумтөр» компаниясынын адистери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде семинар өткөрүштү

«Кумтөр» компаниясынын адистери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде семинар өткөрүштү

Жарыяланган: 22 May 2017

2017-жылдын 18-майында «Кумтөр Голд Компани»нин (КГК) адистери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин студенттери үчүн семинар өткөрүштү. ЖОЖ менен алтын өндүрүүчү компаниянын биргелешкен демилгеси кызматташууну өнүктүрүүгө жана өндүрүштөгү адистердин жаңы муунун окутууга багытталган.

Окутуучулар компаниянын кызматкерлерине ЖОЖдо иштеп жаткан илимий жана окутуу лабораторияларын көрсөтүштү. “Кумтөрдүн” кызматкерлерин экскурсияга химиялык инженерия кафедрасынын студенттери кен ишканасында таанышуу сапары менен барышкан жана баалуу металлды казып алуунун жана өндүрүүнүн негизги этаптарында болушкан бир жыл мурда эле чакырышкан.

Семинар өндүрүштүк процесстин беш маанилүү этабына – казып алууга, бөлүп алууга, экологиялык жоопкерчиликке, ошондой эле адистерди жалдоого арналган. Инженердик-геологиялык бөлүмдүн менеджери Каныбек Жумалиев деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте руда казып алуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтты, а алтын ылгоочу фабриканын (АЫФ) ага металлургу Садыгали Джураев АЫФтын өндүрүштүк циклин көрсөттү. Студенттер жана окутуучулук курам баарынан көп компания тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча көрүлгөн чараларга кызыгышты. Экологиялык долбоорлор боюнча менеджер Ольга Медоева КГКнын кен ишканасынын жана 1996-жылы компаниянын демилгеси менен негизделген Сарычат-Эрташ коругунун территориясындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорлор жөнүндө айтып берди. Нормативдик базаны сактоо боюнча бөлүмдүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ага адиси Айбек Абдувалиев“Кумтөр” кен ишканасынын суу агымдарынын инфографикасын сунуштады. Корутунду бөлүгүндө персоналды башкаруу боюнча бөлүмдүн өкүлү Дарья Антанайтене талапкерлерди тандоо жана ишке алуу процесстерин түшүндүрдү, ошондой эле ЖОЖдордун студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык стажировка программасына жана жайкы практикага алдыда болчу тандоо жөнүндө да айтты.

«Мага студенттердин суроолору абдан жакты, балдардын кызыгуусу сезилип турду. Бирок аларды угуу менен мен ал адам биздин долбоор жөнүндө таптакыр маалымдар болбогону же кен ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө жалган түшүнүктөргө ээ экендиги тыянагына келген сөздөр да айтылды. Бул маалыматтын жетишсиздигинен болуп жатат деп ойлойм. Баарын чечсе болот – жолугушууларды, талкууларды, талаш-тартыштарды көбүрөөк жүргүзүү керек. Өз тарабыбыздан биз абдан ачыкпыз жана жемиштүү диалогго даярбыз», – деп белгиледи “Кумтөр Голд Компанинин” нормативдик базаны сактоо боюнча бөлүмүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ага адиси Айбек Абдувалиев

«Студенттерде жана окутуучуларда суроолор көп болду жана тигил же бул темага талашып-тартышып көрүүгө убакыт жетишпеди, – деп түшүндүрдү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин химиялык инженерия кафедрасынын доцентинин м.а. Эмилбек Өиүрзак уулу. – Эми биз “Кумтөрдүн” кызматкерлеринде – толук баалуу баяндама жасашына, а угуучуларда – кызыктырган суроолорду беришине мүмкүнчүлүк болушу үчүн ар бир конкреттүү маселе боюнча семинарларды уюштурууну ойлонобуз».

Кыргыз Республикасынын окуу жайларында семинарларды жана лекцияларды өткөрүү компаниянын адистери үчүн көнүмүш иш болуп калды. Окутуучулук курам жана студенттер менен мындай жолугушуулар тоо-кен өндүрүшүнүн кесипкөйлөрүнө өсүп келе жаткан муун менен тажрыйба бөлүшүүгө жана кен ишканасындагы өндүрүштүк процесстер жөнүндө анык маалыматты жеткирүүгө мүмкүндүк берет.