«Кумтɵр» компаниясынын кызматкери Абдурахим Мамбеталиев тогуз адамдын ɵмүрүн сактап калды

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкери Абдурахим Мамбеталиев тогуз адамдын ɵмүрүн сактап калды

Жарыяланган: 21 September 2016

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкери Абдурахим Мамбеталиев шар аккан суунун ичинде калган тогуз адамды, анын ичинде төрт кичи балдар, куткарууга катышкан. Жол-транспорт кырсыгы Жети-Ɵгүз районунда нɵшɵрлɵгɵн жаандан улам тайгак жолдо айдоочу автомашинаны башкара албай Чоӊ-Кызыл-Сууга түшүп кеткенден улам болду. Анча алыс эмес жерде достору менен жүргɵн Абдурахим Мамбеталиев кырсыкка кабылган адамдардын кыйкырыктарын угар замат жетип келишип, шар аккан сууга киришип, тактанын бир учун сууга кулаган автомашинага коюуга жетишкен жана мына ушул ɵткɵɵл аркылуу адамдардын жээкке чыгышына жардам беришкен.

Жапа чеккендердин бири Сабира Сыманова айткандай, ошол күнү алар эс алууга чыгышкан. Алгач себелеп жааган жаандан улам алар анча тынчсызданышпаган, бирок күтүүсүздɵн автомашина жолдон тайгаланып сууга кулап түшкɵн. “Биз эмне кыларыбызды билбей, дүрбɵлɵӊгɵ түштүк. Биздин үнүбүз алыс эмес жерде эс алып жатышкандарга угулуптур. Мен Абдурахим башында турган ал жигиттерге ыраазымын. Алар ɵз ɵмүрлɵрүн тобокелге салышты», – дейт Сабира Сыманова.

Экинчи жабырлануучу Таалай Чакиев да баштан ɵткɵн окуяны айтып берди: «Биз абдан коркутук. Дагы жакшы, машина сууга узунунан туруп калды, ал туурасынан турса, биз шар сууда оодарылып кетмекпиз. Биз автомашинада 40 мүнɵттɵй отурдук. Ар мүнɵт сайын суу машинага кирип, буттарыбыз сууга малынды. Үшүй баштадык. Токтобостон кыйкырып жардамга чакырып жаттык. Мен бизди угуп жардамга келип сактап калышкан адамдарга ыраазымын. Алар бизге экинчи ɵмүр беришти».

Бул окуянын каарманы Абдурахим Мамбеталиев 18 жылдан бери «Кумтɵр Голд Компанинин» коопсуздук кызматында иштейт.

– Биз сууга түшкɵнү жатканбыз. Автомашина сууга кулап түшкɵнүн угар замат жолдошторум менен окуя болгон жерге шашылдык. Ал жерден эмне кылуу керек экенин түшүнүп, дароо аракеттене баштадым. Коркунуч жɵнүндɵ ойлонгон да жокмун. Натыйжада биз адамдарды сактай алдык. Мени менен кошо адамдарды сактоого катышкан Керимжан Абдиевге, Ринат Сулаймановго, Дилшат Масеевге, Абдухалил жана Абдужалил Мамбеталиевге ыраазымын. Ошондой эле суудан алып чыккандан кийин үшүп калышкан адамдарга жардам беришкен Айдар Эралиевге жана анын карындашы Чынарага ыраазымын. Бир аз убакыттан кийин мен машинам менен баарын үйлɵрүнɵ жеткирип койдум. Кырсыкка кабылган адамды куткаруу – эрдик эмес, а жарандык парз деп эсептейм. Себеби адам ɵмүрү баарынан кымбат. Кайдыгер жана кɵӊүлкош болбоо керек», – дейт Абдурахим Мамбеталиев.