Кумтөрдөн балдарга белектер

Кумтөрдөн балдарга белектер

Жарыяланган: 03 June 2022

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) бир катар кайрымдуулук акцияларын өткөрдү.

2022-жылдын 30-майында Бишкекте КГКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнөн 200 балага белектерди тапшырышты. Акция “Кыргыз Республикасынын Балдар фонду” коомдук фонду тарабынан демилгеленген. Балдар үчүн майрам Улуттук гвардиянын плацында өтүп, анда ардактуу кароолдун ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү, аниматорлор кызыктуу оюн-зоок тартуулашты.

– Биз «Кумтөр» компаниясына жана «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдингине балдарга карата камкордук мамилеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиз бизнес менен жарандык коомдун бирге аракеттешүүсүнүн жакшы үлгүсүн көрсөтүп жатасыз. Балдарды сүйүш керек, куттукташ керек, кубантуу керек, – дейт «Кыргыз Республикасынын Балдар фонду» коомдук фондунун директору Сауле Мейрманова.

Ошол эле күнү, 30-майда, Корумду айылындагы  “Аврора Плюс” эс алуу борборунда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн майрамдык иш-чара өткөрдү. Иш-чарада чогулган 350 баланын бардыгына Кумтөрдөн белектер тапшырылды.

31-майда Балыкчы шаарынын мэриясы шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн ушундай эле акцияны борбордук паркта өткөрдү. Бул майрамда 311 бала “Кумтөр” компаниясынан белек алышты.