«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы ооруканага медициналык жабдыктарды тапшырды

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы ооруканага медициналык жабдыктарды тапшырды

Жарыяланган: 05 July 2013

KUMTOR CONTRIBUTES MEDICAL EQUIPMENT TO JETY-OGUZ HOSPITAL «Кумтөр» компаниясы тарабынан 5-июлда УЗИ аппараты жана тез жардам машинеси Жети-Өгүз райондук ооруканасына берилди. Компаниянын медицина кызматкерлери райондук оорукананын кызматкерлерине тааныштыруу иретинде тренинг өткөрүштү. «Кумтөр» кенинин транспорт бөлүмүнүн жетекчиси тез жардам унаасынын артыкчылыгы туурасында айтып берди. Берилген жабдыктардын жалпы суммасы 170 миң долларга барабар.

Mysono201 үлгүсүндөгү жаңы УЗИ аппараты врачтарга түрдүү оорулардын мурдагы стадияларын аныктоого жардам берет. Техника жүрөк кан тамыр оорулары, гинекология, урология жана башка дарттарды аныктоого жардам берет. Ал эми оорукананын балансына берилген тез жардам унаасы алыскы аймактарга тез каттоого шарт түзөт.

«Биз кошумча тез жардам унаасына абдан муктаж болуп жатканбыз. «Кумтөрдүн» жардамы менен эми врачтар чукул чыгууларга үлгүрөт, мурда бир машине менен муктаждыкты камсыздоо кыйын эле. Эми биз жарандарга чукул жардам көрсөтүүдө оперативдүү иштейбиз» дейт Жети-Өгүз райондук жалпы практикалык борборунун жетекчиси Чолпон Ибраимова.

«Биз райондук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ооруканага салым кошуу мүмкүнчүлүгүбүз бардыгына кубанабыз. Биз берген жабдыктар кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, кимдир бирөөнүн өмүрүн сактоо мүмкүнчүлүгү жараларына ишенем» деген «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер баса белгиледи.