«Кумтөр» компаниясы селден жапа чегишкен Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна жардам көрсөтүүдө

«Кумтөр» компаниясы селден жапа чегишкен Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна жардам көрсөтүүдө

Жарыяланган: 17 August 2013

«Кумтөр» компаниясы селден жапа чегишкен Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна жардам көрсөтүүдө “Кумтөр” компаниясынын оор техникасы жана жумушчулар бригадалары Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда иштешүүдө. Мурда билдирилгендей, 2-5-августта Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда нөшөр болуп, ал дарыялардын жээктерин жууп жана селдин жүрүшүнө алып келген. Натыйжада автожолдун Кескен-Бел жана Тосор участоктору зыянга учурап, Кызыл-Туу айылын суу каптаган, көпүрөлөр жана электр берүү линиялары жапа чеккен, Тосор айылындагы 680 түтүндү жана 1200 гектар айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздаган Тосор суу каналынын бир бөлүгү бузулган.

Компаниянын жетекчилиги Тоң жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациялардын өтүнүчүнө жооп кылып автожолдорду калыбына келтирүүгө жана дарыялардын нуктарын тазалоого тезинен техника жана жумушчуларды жиберген. Андан кийинки аракеттер Тосор суу каналын жана жайкы жайыттарга баруучу жолдорду калыбына келтирүүгө багытталды.

Бүгүнкү күнгө карата Тосор суу каналындагы иштер аяктады, анда 500 метр узундуктагы жаңы суу каналы салынды. Суу каналын бойлой узундугу 1 км. жол калыбына келтирилип жана узундугу 1,5 км. болгон кошумча жаңы кыртыш жол салынды. Иштер улантылууда.