«Кумтɵр» компаниясы «Жашылдандыруу фондунун» ар жылдык акциясына катышты

«Кумтɵр» компаниясы «Жашылдандыруу фондунун» ар жылдык акциясына катышты

Жарыяланган: 08 April 2016

Өткɵн жумада Чүй облуснун Ново-Покровка айылында «Кумтɵр Голд Компанинин» ɵкүлдɵрү «Жашылдандыруу фондунун» жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун кезектеги дарак кɵчɵттɵрүн отургузуу акциясына катышты.

Эске салсак, «Жашылдандыруу фонду» 2012-жылы KICB банкынын демилгеси менен «Ага Хан фондусунун», «Кумтɵр Голд Компанинин» жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен шаарларды жашылдандыруу жана Кыргыз Республикасында жашоонун жагымдуу шарттарын түзүү максатында кɵчɵттɵрдү отургузуу жана дарактарды сактоо кампаниясын жүргүзүү үчүн түзүлгɵн. Акыркы 4 жылда Бишкек шаарында эле 8 000ден ашуун дарак жана бадал кɵчɵттɵрү отургузулган.

Быйылкы акцияны ɵткɵрүү үчүн мектептердин аймагында жагымдуу микроклиматты түзүү максатында Ысык-Ата районунун 2 мектеби тандалган, себеби жашылдандыруу мектептин айланасын кɵрктɵндүрүүдөгү милдеттүү талап. Жалпысынан мектептердин айланасындагы жер тилкелеринде жергиликтүү шарттарды жана эксперт-экологдордун сунуштарын эске алуу менен 300 кɵчɵт мɵмɵ бак отургузулган.

Уюштуруучулар белгилегендей, дарак жана бадал кɵчɵттɵрүн отургузуу достуктун жылуу маанайында, окуучулар менен мугалимдерин жигердүү катышуусунда ɵттү. «Жашылдандыруу фондунун» мүчɵлɵрү окуучулар отургузган ар бир дарак алардын мектепти гана эмес, шаарды да жашылдандырууга кошкон жалпы камкордугу жана реалдуу салымы болот деген үмүтүн билдиришти.