«Кумтɵр» компаниясы Эл аралык балдар кардиологиялык фондунун (ICHF) миссиясынын Кыргызстандын балдарынын жүрɵктɵрүнɵ операция жасоо боюнча демɵɵрчүсү болот

«Кумтɵр» компаниясы Эл аралык балдар кардиологиялык фондунун (ICHF) миссиясынын Кыргызстандын балдарынын жүрɵктɵрүнɵ операция жасоо боюнча демɵɵрчүсү болот

Жарыяланган: 11 September 2014

2014-жылдын ноябрында АКШдан балдар хирургдарынын тобу Эл аралык балдар кардиологиялык фондунун (ICHF) тарабынан балдарга акысыз операцияларды жасоо үчүн Кыргызстанга келет.

«Кумтɵр» компаниясы америакалык кардиохирургдардын авиучууларга, ал үч жумага чейин созулган Кыргызстандагы миссия убагында жашоого жана тамактанууга бардык чыгымдарын, операциялар үчүн зарыл болгон медициналык жана башка керектелүүчү материалдардын акысын толук тɵлɵп берет.

Бул Кыргызстан үчүн өмүрлөрдү сактоочу кайрымдуулук долбоору. Республикада жылыга жүрɵгүндɵ тубаса кемтиги бар 500дɵн ашуун бɵбɵк тɵрɵлɵт. Ɵлкɵдɵ мындай патологиясы бар 4 миӊге жакын бала катталган. Белгилеп койсок, ICHF фондунан америкалык врачтардын Кыргызстан, Россияда, Украинада жана Иракта балдарга акысыз операцияларды жасоо тажрыйбасы бар. Татаалдашкан кемтиктерден, тажрыйбанын жана операция жасоо үчүн атайын жабдуулардын жетишсиздигинен улам ал бөбөктөргө Кыргызстанда операция жасоодон баш тартылган. Мындай балдардын ата-энелери чет элдик медициналык борборлорго кайрылууга дуушар. Узак жол жүрүүлɵр оорулуу балдардын алсыраган организмдери үчүн зор тобокелчилик жаратаарын жана транспортко, жашоого жана тамактанууга чыгымдардан улам ата-энелерге каржылык оорчулук келтиргендигин, ошондой эле жалпысынан кыргызстандык оорулуу балдардын көйгөйүн чечпей тургандыгын түшүнүү менен ICHF фондунун негиздɵɵчүсү жана медициналык директору Уильям Новик КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Жүрɵк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдɵɵ институту (ЖХжОТИИИ) менен балдар кардиохирургиясы тармагында аракеттерди бириктирип, чогу иштөө демилгесин кɵтɵрдү.

Үстүбүздɵгү жылдын июнунда Уильям Новик башында турган америкалык врачтардын медициналык бригадасы Бишкекте таанышуу сапары менен болгон. Чет элдик хирургдар ЖХжОТИИИде болуп, жергиликтүү хирургдардын иштеген жана балдардын жайгашкан болуу шарттары, колдонулган медициналык жабдуулар менен таанышкан.

Уильям Новик ɵзүнүн комплекттелген бригадасы менен 2014-жылдын ноябрында жергиликтүү врачтарга балдардын жүрɵк кемтигине татаал операцияларды жасоо тажрыйбасын бɵлүшүү үчүн Бишкекке келет. 15-17 адамдан турган топтун курамында балдар кардиохирургдары, ошондой эле анестезиолог, перфузиолог, кардиолог, операциялык эмчи айымдар жана башка адистер келишмекчи. Андан тышкары, ICHF фондунун кызматкерлери ɵздɵрү менен операциялар үчүн бардык зарыл медикаменттерди жана жабдууларды ала келишет, алар кийин оорукананын балдар бɵлүмүнɵ белекке берилмекчи.

Жалпысынан ICHF миссиясынын Кыргызстанда болгон маалда 30дай операция жасоо пландаштырылган. Бүтүндɵй республика боюнча балдарга, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдɵн балдарга акысыз операциялар, врачтар жүрɵккɵ татаал операция жасоодо эл аралык тажрыйба алышмакчы.

«Кумтɵр» компаниясы бул жакшы ишти колдоого дароо макул болгон, анткени балдар ɵмүрүн сактап калууга катышуудан маанилүү эмне болсун? Эл аралык балдар кардиологиялык фондунун миссиясынан улам Кыргызстанда балдар кардиохирургиясынын деӊгээли жогоруламакчы. Бул тубаса жүрɵк кемтиги бар балдарды дарылоого байланышкан кырдаалды жакшыртууга оң таасир этип, демек, жүздɵгɵн балдардын ɵмүрү сакталып калмакчы», – деп баса белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» президенти Майкл Фишер.

Справка: Штаб-квартирасы Мемфисте (АКШ) болгон Эл аралык балдар кардиологиялык фонду (ICHF) 20 жыл мурда негизделген. Андан бери бул фонддун акцияларына дүйнɵнүн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрүнɵн ондогон ыктыярчы врачтар катышкан. Бул жылдары алар бүтүндɵй дүйнɵ боюнча 30дан ашуун ɵлкɵдɵ жети миӊден ашуун операция жасашты. Ɵткɵн жылы эле ICHF фондунун ɵкүлдɵрү Эквадордо, Македонияда, Доминикан Республикасында, Иракта, Ливияда, Гондураста, Орусияда, Белоруста жана Украинада иштешти. Алар менен дайыма жанаша жергиликтүү хирургдар болуп, балдардын жүрɵгүнɵ ачык операцияларды жасоонун заманбап технологияларына үйрɵнүштү. Мындай операциялар (алардын 200дɵн ашуун түрү бар) ɵтɵ татаал болуп саналат, кɵп билимди жана тажрыйбаны, ошондой эле атайын жабдууну талап кылат.