«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл областынын Орто-Токой айылындагы балдар аянтчасынын курулушун колдоого алды

«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл областынын Орто-Токой айылындагы балдар аянтчасынын курулушун колдоого алды

Жарыяланган: 13 July 2015

2015-жылдын 11-июлунда Ысык-Кɵл областынын Орто-Токой айылында «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен жабдылган балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп ɵттү. Бул окуя шаарчанын бардык балдары жана жашоочулары үчүн чыныгы майрам болуп калды.

Орто-Токой – бул Балыкчы шаарынан 10 мүнɵттүк аралыктагы кичинекей шаарча. Анын ишке жарамдуу калкынын кɵпчүлүк бɵлүгү 1956-жылы курулган Орто-Токой суу сактагычында иштейт. Шаарчада 66 мектеп окуучусу жана мектепке чейинки курактагы 35 бала бар. Жакынкы мектеп менен бала бакча Балыкчы шаарында, ал жакка автобус менен ташышат. Кɵп жылдар аралыгында шаарчанын жашоочулары балдар ойноочу аянтчаны куруу үчүн каражат табууга аракеттенишкен жана быйыл “Кумтɵр” компаниясы алардын бул кыялын ишке ашырууга жардам берди. Жалпысынан бул максатта 350 миӊ сом бɵлүнгɵн. Бардык иштер жергиликтүү подрядчы фирма тарабынан аткарылган.

Бул майрам күнү “Кумтɵрдүн” кызматкерлери ишембилик уюштурушту, оюн аянтчасынын тарриториясын иретке келтиришти, коргонду сырдашты. Балыкчы шаарынын активдүү жаштары концерт даярдашып, а “Кумтɵрдүн” кызматкерлеринин балдары айылдын балдары үчүн мастер-класстарды ɵткɵрүштү. Андан тышкары, Бишкектен “Тендо” тобу тайко барабандарында ойношту. Концертттин аягында балдарга белектер берилип жана майрамдык дасторкон жайылды.

«Бизге Орто-Токойдун жашоочулары балдар ойной турган жер жок жана аларды кɵчɵдɵ кароосуз калтыруу коркунучтуу экенин айтып, балдар аячнтчасын курууга жардам берүү ɵтүнүчү менен кайрылышкан. Компаниябыздын ɵндүрүш объектилери жайгашкан региондо социалдык долбоорлорду жана жашоо сапатын жакшыртууну колдоо – биздин кайрымдуулук ишмердүүлүгүбүздүн приоритеттери. Бүгүнкү иш чара – биздин убадаларыбыз иштерибиз менен ажырым келбей тургандыгынын ынанымдуу мисалы», – деп белгиледи балдар аянтчасынын ачылыш аземинде «Кумтɵр Голд Компанинин» тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.