«Кумтɵр» компаниясы “Жашылдандыруу фондусунун” акциясына катышты

«Кумтɵр» компаниясы “Жашылдандыруу фондусунун” акциясына катышты

Жарыяланган: 03 April 2015

Бүгүн, 2015-жылдын 3-апрелинде, Бишкек шаарынын “Кара-Жыгач” турак жай массивиндеги №91 орто мектепте “Жашылдандыруу фондусунун” жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондусунун дарак кɵчɵтүн отургузуу боюнча акциясы болуп ɵттү. Бул иш чара Бишкек мэриясынын, “Кумтɵр Голд Компанинин” жана Ага Хан Ɵнүктүрүү тармагынын колдоосу менен болду.

Быйылкы жылы акция ɵткɵрүү үчүн сынамык мектептер катарында Бишкек шаарынын № 91, №83, №78, №72, №51 жана №2 орто мектептери тандалып алынган, аларда 2015-жылдын 3-4-апрелинде 1000ден ашуун кɵчɵт отургузулмакчы. Бул иш чаранын максаты мектептердин территорияларында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени, жашылдандыруу – ар бир мектептин жанындагы участокту кɵрктɵндүрүүнүн милдеттүү иштеринин бири.

“Жашылдандыруу фондусу” коммерциялык эмес уюму 2012-жылы Кыргыз Республикасында шаарларды жашылдандыруу жана жашоонун жагымдуу шарттарын түзүү үчүн «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКынын (KICB) демилгеси боюнча түзүлгɵн. KICB жана анын ɵнɵктɵштɵрү акыркы 3 жылда Бишкек шаарында 1600дɵн ашуун дарак кɵчɵттɵрүн отургузушкан.

“Жашылдандыруу фондусу” жɵнүндɵ бул жерден таанышууга болот.