«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы айылдарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүдө

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы айылдарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүдө

Жарыяланган: 26 November 2014

Эшперов айылында жашоочуларды таза суу менен камсыздуу үчүн тереңдик электронасосу орнотулду. Жаңы жабдуулар жана түтүктөр «Кумтөр Голд Компани» колдоосу менен сатып алынып, орнотулду.

«Жабдуулардын эскилигинен суу үйлөргө жеткиче эле жолдон кыйла жоготуулар болуп келген. Биздин сураныч орундалып, эми 2000дей айыл тургуну таза сууга жеткени үчүн ыраазыбыз», – деп Болот Мамбетов айыл округунун башчысы Иличбек Кокоров белгиледи.

Швейцраиялык долбоор, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Жети-Өгүз айыл округунун муниципалдык унаа паркын жаңы экскаватор толуктады.
Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жетекчиси экскаватор сатып алууга жардам сурап компанияга кайлырлган. 2 млн сомдой каражат Ысык-Көл өнүктүрүү фонду мененшвейцариялык долбоордон бөлүнгөн. Жетпей жаткан 500миң сомду «Кумтөр» каржылады.

Экскаватор 16миңден ашуун калкы бар округдун 6 айылын тейлейт. Ал ирригациялык каналдарды тазалоо, таштанды чыгаруу ошондой эле мүмкүм болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга иштетилмекчи.