«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл облусунун фермерлерине сугат сезонуна даярданууга колдоо кɵрсɵттү

«Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл облусунун фермерлерине сугат сезонуна даярданууга колдоо кɵрсɵттү

Жарыяланган: 15 April 2015

Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорундагы сугат иштеринин башталышына карата тɵрт суткалык жɵнгɵ салуу бассейни (СЖБ) жана суу сактагыч “Кумтɵр” компаниясынын колдоосу менен реабилитацияланды. Суу резервуарларын тазалоо боюнча иштердин жалпы наркы 173 545 АКШ долларын түздү.

Сугат сезонуна даярдануу боюнча долбоорду жүзɵгɵ ашырууда кен ишканасынан техника тартылды. Объектилерди тазалоо 48 иш күнүндɵ аяктады. Тазалоо боюнча иштер суу резервуарларында топтолуучу сугат суунун кɵлɵмүн кɵбɵйтүүгɵ мүмкүндүк берип, сугарылуучу жерлердин аянтын олуттуу кеӊейтти.

Дархан жана Саруу айылдарында СЖБларды механикалык тазалоо 1980-жылдардан бери жүргүзүлгөн эмес. Дархан айылында 36 000 куб метр ылай, Саруу айылында – 27 000 куб метр балыр жана ылай тазаланган. Чоӊ-Кызыл-Суу айылындагы резервуарды тазалоодо 43 500 куб метр балыр жана ылай ташылып чыгарылган. Тоӊ районунун Тɵрт-Күл айылында суу сактагычты тазалоо боюнча масштабдуу иш жүргүзүлгɵн – объектиден 118 000 куб метр балыр жана ылай ташылып чыгарылган.

Тоӊ районунун Эшперов атындагы айылында да компания 1 500 литр дизелдик отун бɵлүү менен СЖБны тазалоо долбоорун колдоду. Иштерди жергиликтүү жамааттар аткарган жана башка донорлор тарабынан каржыланган.

irrigation1