«Кумтор» компаниясы жана Агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча кыргыз долбоору биргелешип Ыссык-көл облусундагы жерлерди айыл чарбалык максатта пайдаланууну баштоодо

«Кумтор» компаниясы жана Агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча кыргыз долбоору биргелешип Ыссык-көл облусундагы жерлерди айыл чарбалык максатта пайдаланууну баштоодо

Жарыяланган: 24 October 2013

IFDC24 октябрь 2013 жылы «Кумтор» компаниясы жана Агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча IFDC тарабынан иштетилген кыргыз долбоору (KAED) Ыссык-көл облусундагы реабилитацияланган эки жер тилкесин ачуу салтанатын өткөздү. Аталган иш-чара Ыссык-көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Липенка айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Булуң айылындагы калыбына келтирилген дамбанын жанында өттү. Аталган салтанат аземине КРнын Өкмөтүнүн Ыссык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев да катышты.

«Кумтор» компаниясы жерлерди реабилитациялоого 200 миң АКШ долларын бөлдү; KAED долбоору менен жергиликтүү фермерлер адистерди жана жумушчу күчүн бөлүп беришти, бул 170 миң АКШ долларына барабар болду. Калыбына келтирүү боюнча көптөгөн иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Алгачкы реабилитацияланган жер тилкеси Ыссык-көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Бул жер тилкесинде көлөмү 14 миң куб метрди түзгөн Самат-Көл дамбасы жана ирригациялык каналдар калыбына келтирилген, ошондой эле насос станциялары жана трансформатордук кичи станциялары орнотулган. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 720 миң квадрат метрди түзгөн жерлер сугат суулары менен камсыз болот. Ыссык-көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын жанында жайгашкан экинчи жер тилкесинде көлөмү 25 миң куб метрди түзгөн күнү-түнү көзөмөлдөө бассейни жана ирригациялык каналдар калыбына келтирилген. Бул иш-чара 467 миң квадрат метрди түзгөн жерди сугат суусу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. 2013-жылдын октябрь жана ноябрь айларында KAED долбоору калыбына келтирилген жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кызматташат. Долбоордун агрономдору күздүк айдоо учурунда фермерлерге кеңеш берип, окутушат.

Калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында жалпы көлөмү 1250 гектарды түзгөн жер аянттары айыл чарбалык максатта пайдаланууга берилет. Мындан сырткары ирригация тутумдарынын калыбына келтирилиши реабилитацияланган жерлерге чектеш 750 гектардагы топурактын түшүмдүүлүгүнүн жогорулашына жардам берет. Эгер фермерлер түшүмдүүлүктү жогорулатуунун жана жердин семиздигин калыбына келтирүүнүн мыктыланган ыкмаларын пайдаланышса, жакынкы жылдарда сугарылуучу жерлердин түшүмдүүлүгү 50-пайызга көтөрүлөрү күтүлөт. Буудай менен беденин жакшы өндүрүлүп жаткандыгынын натыйжасында жана ижарага берилген жерлерден түшкөн кирешелердин натыйжасында ар жылы жергиликтүү коомдорду өнүктүрүү үчүн 260 миң АКШ долларын түзгөн кошумча кирешенин болушу күтүлүүдө. Бул демилге 3 400 адамдын жашоосуна оң таасир тийгизет.