Кумтөр калдык сактоочу жайын куруу долбоору үчүн баа сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

Кумтөр калдык сактоочу жайын куруу долбоору үчүн баа сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

Жарыяланган: 06 February 2015

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКу, 2015-ж. 1-майынан 2015-ж. ноябрь айынын аягына чейинки мөөнөттө көлөмү 940 000 м3, бир тарапка ташуу аралыгы 4,9 км жана жер тыгыздыгы 2,2 т/м3 түзгөн калдык сактоочу жайын куруу долбоору үчүн баа сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт жана өзүнө таандык унаа паркы болгон кызыккан уюмдарды жана жеке ишкерлерди техникалык жана коммперциялык сунуштарын Тандоо комиссиясынын төрагасы наамына оозу чапталган жана «2015-ж. калдык сактоочу жай куруу» деген жазуусу болгон А-4 конвертте 2015-ж. 13-март саат 17:00 кеч эмес, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24 дарегиндеги «Учкун» АКнун имаратынын 10-кабатына тапшырууга чакырат.

Унааларга коюлган талаптар:


• Автосамосвалдар 25 т– 24 даана.
• Фронталдык жүктөгүчтөр 3 м3 – 5 даана.
• Б10 же ага окшош типтеги бульдозерлер– 4 даана.
• 18 тонналык же андан оор виброкатоктор – 3 даана.
• 10-15 тонналык автоцистерналар, 4 X 6 же 6 Х 6 дөңгөлөк формуласы менен – 3 даана.
Резервдик унаалардын болушу абзел.

Иш тартиби – 11 сааттык күндүзгү жана түнкү сменалар (күнүнө 22 саат). Эсептик бош туруп калуу мөөнөтү – 15%. Кумтөр кен жайында кыска мөөнтөттүү оңдоо жумуштарын жүргүзүүгө гана уруксат берилет. Унаалар жумуш жерине жана кайра базасына талапкердин эсебинен жеткирилет.

КГКнын милдеттенмелери:


Талапкердин жумушчуларына Кумтөр кен жайында жашоо үчүн бөлмөлөр жана тамак-аш менен камсыздоо, ошондой эле унааларды колдонуу үчүн отун менен камсыздоо.
Өнөктөш-уюмдун жумушчуларын Волнадан (Тамга жана Барскоон айылдарынын арасындагы аялдама) Кумтөр кен жайына чейин жана кайра жеткирүү.

Баа сунушуна коюлган талаптар:


Сунуштар төмөндөгү маалыматтарды чагылдырышы абзел:
– Уюм же жеке ишкер жөнүндөгү маалымат (каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, алынган лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү, салык төлөчүүнүн ишкердиги жөнүндөгү маалыматтар, аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы менен мурдагы өнөктөштөр жөнүндөгү маалымат жана жолдомо каттар);
– Сунуш кылынган унаалар жөнүндөгү маалымат (типтери, саны, каттоо документтери, өткөрүлгөн техникалык тейлөөлөр, фото-сүрөттөрү);
– Мекеменин башкы кеңсеси, негизги жана регионалдык базалары жөнүндө маалымат;
– «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген (бардык салыктар жана чегерүүлөр, жабдууларды мобилизациялоо жана демобилизациялоо, жабдуулардын наркын жоготуусу, коопсуздук техникасы боюнча мастер/инженердин жана автослесардын туруктуу негизде иштөөсү, мастердин автоунаасын колдонуусу, эмгек акылар + иш сапар үчүн жана башка кошумчалар, бейтап баракчалары, кошумча чыгымдар, киреше ж.б.) жогоруда аталган унаалар менен чыныгы ташылган, жүктөлгөн, түздөлгөн, сууланган же тапталган материалдын куб. метри үчүн баа сунушу;
– Башка объектилерде аргасыз бош туруу үчурларында техниканы иштетүү үчүн колдонулган жана «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген (бардык салыктар жана чегерүүлөр, жабдууларды мобилизациялоо жана демобилизациялоо, жабдуулардын наркын жоготуусу, Коопсуздук техникасы боюнча мастер/инженердин жана автослесардын туруктуу негизде иштөөсү, мастердин автоунаасын колдонуусу, эмгек акылар + иш сапар үчүн жана башка кошумчалар, бейтап баракчалары, кошумча чыгымдар, киреше ж.б.) жогоруда аталган унаалардын иштөөсү үчүн талап кылынган сааттык баалар
– Тажрыйбаларынын баяндоосу менен инженердик-техникалык кызматкерлер жөнүндө маалымат;
– Талапкер керектүү жана пайдалуу деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар, тандоо процедурасына өз каалосу менен жана өз каражатын колдонуп катышат, жана КГКнын бардык шарттарына макулдугун берет. Талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү доолору ишкана тарабынан кабыл алынбайт. Тоо-кен жайына таанышуу сапарлары өткөрүлбөйт. Кошумча маалымат жана түшүндүрмөлөр үчүн kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почта дарегине кайрылыңыздар.

КГК ишканасы тапшырылган баа сунушту толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алууга жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоого укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн 8 талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылып, бир гана уюмга жумушту толугу менен тапшырбайт. КГК алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланыш түзөт.