«Кумтөрдүн элчилери» Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө жардам көрсөтүштү

«Кумтөрдүн элчилери» Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 04 May 2018

2018-жылдын 25-апрелинде Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн дарыгерлери «Кумтөрдүн элчилеринен» хирургиялык аспаптарды жана кондиционерди белекке алышты. «Кумтөр» кен ишканасынын ар кайсы бөлүмдөрүнөн жана Бишкектеги «Учкун» офисинен компаниянын кызматкерлери үч жума аралыгында бул медициналык мкемеге жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды чогултушкан.

Мурдараак Компания Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнөн операциялык палата үчүн кондиционер сатып алууга жана орнотууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кат алган. Бул кайрылууну «Кумтөрдүн элчилеринин» күчү менен колдоо чечими кабыл алынган. Чогултулган каражатка операциялык палата үчүн кондиционер сатып алынган жана орнотулган, ошондой эле хирургиялык аспаптардын 27 бирдиги да сатып алынган.
«Биз күнүнө 8-10 операция жасайбыз, кээде 20 пациентке чейин жетет. Биз бул кайчылар жана ийне кармагычтар менен бир жылдан ашуун пайдаланабыз. Эми операцияларды ыңгайлуу температуралык шарттарда жана жаңы аспаптар менен жасайбыз. Жамаатыбыздын баары жардамыңыздарга өтө ыраазы жана сиздердин баарыңыздарга бекем ден соолук каалашат», – деп белгиледи проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов.