КООМДУК ТАМАКТАНУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КООМДУК ТАМАКТАНУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 23 September 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 6-октябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу Коомдук тамактануу кызматына эки жылдык такшалма программасын өтүү үчүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында тандоо жүргүзөт.

Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Орто кесиптик же жогорку билим (ашпозчулук багыты артыкчылыкка ээ);
  • Жакшы өнүккөн коммуникативдик көндүмдөр, командада иштей билуу;
  • Үйрөнүүгө жана тамак даярдоонун жаңы технологияларын өздөштүрүүгө даярдык;
  • Ашпозчулук багытындагы квалификацияны жогорулатуу сертификаттарынын болушу артыкчылык болуп эсептелет;
  • Стресске туруктуулук, жогорку жүктөм алдында иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу.

Милдеттер:

  • Ар түрдүү тамактарды даярдоого керектүү жарым фабрикаттарды жасоо (жемиштерди жана жашылчаларды тазалоо жана тууралоо);
  • Ашпозчуларга тамактарды даярдоодо жардам берүү;
  • Ашкана жабдууларын жана идиш-аяктарды таза кармоо;
  • Конвейердик идиш жуугуч машинаны башкаруу (фарфор жана айнек идиштерди жүктөө жана алуу);
  • Металл идиштерди жана ашкана шаймандарын жуу, беттерди, жумуш үстөлдөрүн, дубалдарды жана шыптарды тазалоо жана жуу, ашкана жабдууларын тазалоо, өндүрүштүк жайларды жыйноо, дезинфекциялоо жана санитардык тазалоо, атайын кийимдерди жуу, тамак-аш калдыктарын утилдештирүү.

Такшалманын шарттары:

  • Эмгек акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 6-октябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.