“Кумтөр” компаниясы жана подряддык уюмдар 10 миллион киши-саат жумуш убактысын жоготпостон иштешти

“Кумтөр” компаниясы жана подряддык уюмдар 10 миллион киши-саат жумуш убактысын жоготпостон иштешти

Жарыяланган: 20 October 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызматкерлери жана КГКнын подряддык уюмдарынын кызматкерлери 10 миллион киши-саат жумуш убактысын жоготпостон иштешти.

Жумуш убактысын жоготуусуз 10 миллион киши-саатка жетишүү – бул маанилүү көрсөткүч жана күндөлүк ишти аткарууда коопсуздуктун техникасынын милдеттүү сактоого, жумуш шарттарынын деңгээлин жогорулатууга жана коопсуз иш ыкмаларын жакшыртууга болгон олуттуу мамилени чагылдырат.

Учурда компаниянын 2 916 кызматкери жана ар кандай подряддык уюмдардын 1 259 жумушчусу КГКнын объекттеринде эмгектенишет. Алардын бардыгы “Кумтөр” кен ишканасында, Балыкчы өткөөл базасында өндүрүштүк мүнөздөгү ар түрдүү тапшырмаларды аткарышат, жүктөрдү жеткиширет, адамдарды ташышат жана башка жумуштарды аткарышат.

КГКга тышкы башкаруу киргизилгенден бери, кен ишканасында жумуштардын коопсуздугун жогорулатууга арналган бир катар иш-чаралар иштелип чыккан.