«Кумтөр» компаниясы Балыкчы шаарынын балдары жана жаштары үчүн майрамдык иш чаранын демөөрчүсү болуп калды

«Кумтөр» компаниясы Балыкчы шаарынын балдары жана жаштары үчүн майрамдык иш чаранын демөөрчүсү болуп калды

Жарыяланган: 27 December 2012

«Кумтөр» компаниясы Балыкчы шаарынын балдары жана жаштары үчүн майрамдык иш чаранын демөөрчүсү болуп калды

Балыкчы шаарында «Поколение NEXT» коомдук бирикмеси шаардын мэриясы менен биргеликте уюштурган “Кумтөр – кыялдар ишке ашат” майрамдык концерти болуп өттү. Иш чаранын демөөрчүсү “Кумтөр” компаниясы болду. Балыкчынын вице-мэри, шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттары иш чарага ардактуу меймандар катарында катышышты.

Балыкчы шаарындагы калктын социалдык аялуу катмарынын балдары жана жаштар үчүн бир жарым сааттык концерт жаштардын өздөрү тарабынан даярдалган. Концерттин катышуучулары – студенттер жана мектеп окуучулары өздөрүнүн ырчылык жана бийчилик таланттарын, музыкалык аспаптарда ойноо чеберчиликтерин көрсөтүштү, а жергиликтүү КВН командасы жаш көрүүчүлөрдү тамашалар жана артисттик чеберчиликтери менен кубантты. Концерттин аягында балдарга белектер берилип, майрамдык дасторкон уюштурулду.

«Биздин компания Ысык-Көл областынын жаштар уюмдары уюштурган социалдык акцияларды колдоого аракеттенет. Балыкчы шаарынын «Поколение NEXT» жаштар уюму менен мурдатан достук мамиледебиз. Жаңы жылдын алдында биз Балыкчынын балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл потенциалынын ачылышына өбөлгө түзүүчү акцияны колдоо, балдарга белектерди жана майрамдык маанайды тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтабыз», – деп айтты «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.