2012-жылдын III кварталынын жыйынтыктары

2012-жылдын III кварталынын жыйынтыктары

Жарыяланган: 26 November 2012

«Центерра Голд Инк.» компаниясы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын үчүнчү кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты.
“Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2012-жылдын үчүнчү кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын июлунан сентябр айынын аягына чейин “Кумтөрдө” 23 786 унция* же 739,8 кг алтын өндүрүлдү. 2012-жылдын башталышынан бери 125 799 унций или 3 913 кг алтын өндүрүлгөн. Тогуз айдын ичинде Компания тарабынан 4 миллиард 345 миллион сом суммада салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2012-ж. үчүнчү кварталында Кумтөр кенинде 23 786 унция же 740 кг жакын алтын өндүрүлгөн. Алтын өндүрүүнүн көлөмү руданы кайра иштетүү көлөмүнүн азаюусунан, рудадагы алтындын курамынын төмөн болуусунан (2011-ж. III кварталындагы 4,01 г/т ордуна 1,78 г/т), бөлүп алуу пайызынын төмөндөөсүнөн (80,2%дын ордуна 75,1%) улам кыскарган.

Жалпысынан 2012-ж. үчүнчү кварталында фабрикада 0,58 млн. тонна руда кайра иштетилген. 2011-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу кайра иштетүү көрсөткүчтөрүнүн 59%га төмөндөөсү руданы казып алуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөөсүнө жана складдагы запастардан руданы кайра иштетүү менен байланышкан. Алтын ылгоочу фабриканын иши жети жумага токтотулуп коюлган, ал аралыкта пландуу жана пландан тышкаркы ремонттук-техникалык иштер жүргүзүлдү.

Бүтүндөй квартал аралыгында компания 14B участогунда ачуу жана өтө туруксуз зонадан бош текти жана музду алып салуу иштерин улантты. Сентябрдын ортосуна карата 14B участогунда рудага чыгуу камсыз кылынды, анын натыйжасында 2012-ж. үчүнчү кварталында алтындын курамы 2,25г/т болгон 0,4 млн. тонна руда казылып алынган.

2012-жылдын үчүнчү кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 26 626 унцияны же 828,2 кг түздү. Отчеттук кварталда алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 44 млн. долларды2 түздү. Алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы – унциясына 1 651 доллар.

Башка өндүрүштүк маалыматтар №1 таблицада келтирилген.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн алтын бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2012-жылдын үчүнчү кварталында тоо-кен иштерин жүргүзүүгө нормативден ашыкча чыгымдар катталган. Бул өтө туруксуз аймакты бошотуу боюнча иштерди интенсивдештирүүдөн жана тоо-кен иштеринин планын түзөтүүдөн улам келип чыкты. Бош текти жана музду алып салуу боюнча иштердин наркы 2012-ж. үчүнчү кварталында 11,4 млн. долларды түздү, ачуу иштеринин наркы 7,9 млн доллар суммага өстү. Амортизацияны жана эскирүүлөрдү эске алганда жалпы өндүрүштүк чыгымдар бул кварталда 63,3 млн. долларды түзгөн.

Капиталдык чыгымдар 2012-ж. үчүнчү кварталында 78,1 млн. долларды түзгөн.
Алардын ичинен 13,6 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого жумшалган:
– 5,6 млн. доллар –оор тоо-кен техникасын ремонттоого;
– 2,2 млн. доллар – карьерден сууну качыруу боюнча чаралардын комплексине;
– 2,4 млн. доллар – өнөр жай агындыларын тазалоочу жабдууларга;
– 1,4 млн. доллар – калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктетүү боюнча иштерге;
– 1,4 млн. доллар – бульдозерди алмаштырууга;
– 0,6 млн. доллар – башка долбоорлорго.
Өнүктүрүүгө инвестициялар 64,5 млн. долларды түздү. Анын ичинен:
– 48,7 млн. доллар – ачуу иштерине;
– 2,6 млн. доллар – жер астындагы иштерге;
– 5,1 млн. доллар – CAT 789 жаңы жүк ташуучу машиналарды сатып алууга;
– 6,0 млн. доллар – Hitachi жаңы экскаваторлорун сатып алууга;
– 0,6 млн. доллар – көмөкчү тоо-кен жабдуулар паркын кеңейтүүгө;
– 0,6 млн. доллар – отун складын кеңейтүүгө;
– 0,9 млн. доллар – башка долбоорлорго.

Жер астындагы жабдуулар тармагы

Өткөн кварталда жер астындагы тармакты жайгаштыруу боюнча иштер убактылуу токтотулду жана анын объектилери токтотулуп коюлду. Бул мезгилде компания ачык карьердин контурларын кеңейтүү өңүтүндө кендин потенциалын кеңири изилдөөлөрдү жүргүздү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр оң натыйжаларды бергенинен улам, кен ишканасынын жер астындагы жабдуулар тармагын толук токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана “Кумтөр” кен ишканасынын жаңы операциялык планы бекитилди, анын запастары эми 10 млн. унцияга жакын рудадагы алтын (караңыз: «Центерра Голд» компаниясынын 2012-ж. 7-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү). Ошол эле учурда жер астындагы иштетүү милдети алыскы перспективага сакталып кала бермекчи.

Геологиялык чалгындоо

2012-жылдын үчүнчү кварталында чалгындоочу бургулоо иштери борбордук карьерде, №1 жана №2 түшүүчү жерлерде жана Сары-Төр участогунда улантылды. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 3,5 млн. долларды түздү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр” кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында www.sedar.com жайгаштырылган, ошондой эле компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 92,2 млн. долларды түздү. КРУБдун 2012-ж. 30-сентябрына карата расмий курсу боюнча бул сумма 4 миллиард 345 миллион сомдон ашып кетти. Төлөмдөрдүн структурасы №2 таблицада келтирилген.

Дивиденддер

«Центерра Голд Инк.» компаниясы буга чейин билдиргендей, (2012-ж. 7-ноябрындагы пресс-релиз) Директорлор кеңешинин 2012-ж. 6-декабрындагы чечими менен 2012-ж. 22-ноябрына карата Торонтодогу биржада катталган бардык акционерлерге бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө (жалпысынан болжол менен 9,5 млн. АКШ доллары) дивиденд төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору жайылтылат.

Карьердин эксплуатация мөөнөтүн узартуу

2012-ж. 7-ноябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясы “Кумтөр” кен ишканасынын Борбордук карьеринин чектерин кеңейтүүгө байланышкан техникалык-финансылык изилдөөлөрдүн натыйжалары жөнүндө билдирди, ага ылайык:

• Кен ишканасынын эксплуатация мөөнөтү 2023-ж. чейин, а алтын ылгоочу фабрикадагы руданы кайра иштетүү – 2026-ж. чейин узартылды;
• Перспективада жер астындагы иштетүүгө өтүү маселеси калуу менен ачык тоо-кен иштеринин планын оптималдаштыруу жүргүзүлгөн;
• Жакынкы 10 жылда жылдык орточо алтын өндүрүүнү 650 миң унцияга пландуу жеткирүү милдети коюлууда;
• Тоо-кен иштеринин көлөмүн арттыруу үчүн 169 млн. доллар өлчөмүндөгү капиталдык салымдар жасалмакчы. Ачуу иштерин эсепке албаганда, негизги фонддорду модернизациялоого 557 млн. доллар жумшалмакчы;
• Тоо-кен иштеринин планынын түзөтүүсүндө №1 жана №2 түшүүчү жерлердин чоң бөлүгү ачык карьердин жаңы контуру менен камтылып калуусу каралган. Жер астындагы ресурстарды өздөштүрүү боюнча иштер 2018-ж. SB зонасында ачык тоо-кен иштери аяктагандан кийин гана башталмакчы жана кенди деталдык изилдөөнүн натыйжаларынан көз каранды болмокчу.

2012-жылга прогноз

2012-ж. “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда билдирилгендей, 390 – 410 миң унциянын ордуна 350 – 360 миң унция же 10,9 – 11,2 тоннаны түзө тургандыгы күтүлүүдө. Өндүрүштүк план түштүк-батыш участокто тоо-кен иштери убагында компания проблемалуу зонага туш келгенден түзөтүүгө туш болгон, ал бош текти которуштуруунун көлөмүнүн көбөйүүсүнө жана карьердин түштүк-батыш участогундагы жогорку баскычтарда казылып алынуучу руданын көлөмүнүн азаюусуна алып келди. Октябрдын аягына карата бул зона өтүлдү жана эми тоо-кен иштери адаттагы режимде жүрүүдө. Компания болочокто мындай проблемаларга туш келбейт деп үмүттөнөт.
Капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү 2012-ж. 379 млн. долларды түзүүгө тийиш. Анын 41 млн. доллары негизги фонддорду модернизациялоого багытталат, а өнүктүрүүгө салым 338 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылууда. Компания жер астындагы инфраструктураны жайгаштырууга капиталдык салымдарды 21 млн. долларга кыскартты жана бул каражаттарды кийинки жылы кен ишканасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы тоо-кен техникасын сатып алууга кайра багыттады.

Комментарий

«Компания алтынга бай SB зонасына жетүүнү камсыз кылуу үчүн мурдагыдай эле карьердин түштүк-батыш участогун бош тектен жана муз массасынан бошотууну улантуу менен алектенүүдө. Биз белгиленген мөөнөттө түштүк-батыш участокко жетип жана фабрикада кайра иштетүү үчүн руда менен камсыз кыла алдык. Түштүк-батыш участогун иштетүүдөгү келип чыккан проблемалар кайрадан өндүрүштүк планга түзөтүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылды, бирок алар чечилип калды жана эми өндүрүштүк планды аткаруу кен ишканасынын үзгүлтүксүз иштешинен көз каранды.

Ал ортодо, кен ишканасында жүргүзүлгөн техникалык-экономикалык изилдөөлөр запастарды көбөйтүүгө жана “Кумтөр” кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтүн дагы 5 жылга узартууга мүмкүндүк берди. Алтынга жогорку баа сакталган учурда бул жакынкы 10 жылда Кыргыз Республикасынын бюджетине 1,5 млрд. доллардай салыктарды төлөөгө мүмкүндүк берет», – деп билдирди «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.

* * *

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

  III квартал, 30-сентябрга карата 9 ай, 30-сентябрга карата
2012 2011 Өзгөрүүлөр, % менен 2012 2011 Өзгөрүүлөр, % менен
Өндүрүлгөн алтын
(унция менен)
23 786 141 217 (83%) 125 799 444 460 (72%)
Өндүрүлгөн алтын
( кг менен)
739,8 4 392 (83%) 3 912,8 13 824 (72%)
Сатып өткөрүлгөн алтын
(унция менен)
26 626 146 765 (82%) 129 051 457 597 (72%)
Сатып өткөрүлгөн алтын
(кг менен)
828,2 4 565 (82%) 4 013,9 14 233 (72%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы
(унциясына АКШ доллары менен)
1 651 1 705 (3%) 1 671 1 533 9%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат
(млн. АКШ доллары менен)
44,0 250,3 (82%) 215,7 701,4 (69%)
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар
(амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен) (млн. АКШ доллары менен)
63,3 119,3 (47%) 177,1 280,1 (37%)
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос
(млн. АКШ  доллары менен)
7,8 32,7 (76%) 71,5 105,4 (32%)
Капиталдык жумшоолор
(млн. АКШ доллары менен)
78,1 34,4 127% 313,1 152,3 106%
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар
(млн. АКШ  доллары менен)
3,5 3,5 0 8,6 10,7 (20%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү
(миң тонна)
35 943 38 702 (7%) 109 425 113 480 (4%)
Казылып алынган руданын көлөмү
(миң тонна)
399 2 889 (86%) 478 4 925 (90%)
Казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы
(г/т)
2,25 3,05 (26%) 2,09 3,43 (39%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү
(миң тонна)
581 1 429 (59%) 3 209 4 365 (26%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 1,78 4,01 (56%) 1,66 3,79 (56%)
Алтынды бөлүп алуу пайызы (% менен) 75,1 80,2 (6%) 72,6 81,8 (11%)

 
Таблица 2
“Кумтөр” долбоору боюнча 2012-жылдын 9 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

012-ж. 30-сентябрына карата Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 68 373, 4
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 3 105, 6
Экологиялык төлөм 310, 0
Киреше салыгы 3 839, 4
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 15 299, 4
Бажы төлөмдөрү 866, 4
Резидент эместердин кирешелерине салык 310, 3
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 60, 4
Жалпысынан 92 164, 9
30. 03. 2011-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 47,1484
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 4 345 428, 4

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

 

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2012-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,5 млн. унция же 264 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 28-сентябрына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 915 млн. доллардан ашып кетти

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында, ошондой эле www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдүү сайттарында жеткиликтүү.

_________________________________
* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,1034768 грамм
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, ушул жерде жана андан ары АКШ доллары менен.