«Кумтөр» кениндеги иштер аяктагандан кийин объектти рекультивациялоо боюнча

«Кумтөр» кениндеги иштер аяктагандан кийин объектти рекультивациялоо боюнча

Жарыяланган: 08 April 2022

«Кумтөр» кениндеги иштер аяктагандан кийин объектти рекультивациялоо боюнча бардык иштерди аткаруу боюнча КГКнын милдеттери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык объектилерди техникалык рекультивациялоо долбоорун иштеп чыгуу» тууралуу маселелер боюнча, «Кумтөр» долбоорунун объекттерин рекультивациялоо үчүн Рекультивациялоо фондунан каражаттар көлөмүн аныктоо

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) кенди эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча экологиялык мыйзамдардын талаптарын «анын ичинде тоо-кен объектилерин рекультивациялоону» тоо-кен тармагындагы эң мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык аткарат.

Буга чейин Компания Кумтөр кенин жабуу планын (КЖП) эл аралык мындай пландарды жана долбоорлорду иштеп чыгууда тажрыйбасы бар консультанттар жана эксперттер менен биргеликте иштеп чыккан. Бул төмөнкүлөрдү камтыйт: ТЭН (Техникалык-экономикалык негиздеме) иштелип чыккан учурдагы кенди жабуунун/пайдалануудан чыгаруунун баштапкы планынын критерийлери; кайра каралган кенди эксплуатациядан чыгаруунун концептуалдык планы (мындан ары «КЭЧКП»).

Акыркы этаптуу КЭЧКП “SRK” компаниясы тарабынан 2019-жылы даярдалган.

КГК кендин 2031-жылга чейин пландалган иштетүү мөөнөтүнүн негизинде техникалык рекультивациялоо долбоорун иштеп чыгат жана деталдуу инженердик долбоор менен жабуу планын мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарга курулуш, өнөр жай коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча экспертиза өткөрүү үчүн берет.

Кенди жабуу боюнча чыгымдардын сметасы эл аралык таанылган эксперттер тарабынан түзүлөт. Кен инфраструктурасынын ар бир компоненти каралат: ачык карьер, бош тектер отвалдары, туюккап чарбасы (анын ичине суу ресурстарын башкаруу стуктуралары да кирет), ошондой эле башка кен инфраструктураларын эксплуатациядан чыгаруу, кыска жана узак мөөнөттүү техникалык тейлөө, жаратылыш коргоо талаптарын сакталышын текшерүү жана мониторинг жүргүзүү. Кенди жабуу боюнча чыгымдар сметасын түзүүдө стандарттык божомолдор, эксперттик корутундулар жана тиешелүү маалыматтар колдонулат.

Кенди эксплуатациядан чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн, «Кумтөр» кени рекультивациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Рекультивациялык трасттык фонду түздү.

Рекультивациялык трасттык фонду түзүү жөнүндө келишимге ылайык Компания жыл сайын бул Рекультивациялык трасттык фондго жылдык төлөмдөрдү чегерүүгө милдеттүү. Бул Фонд Компания тарабынан өндүрүш иштери аяктаган соң, рекультивациялоо жана Кумтөр кенин эксплуатациядан чыгаруу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин каржылоо үчүн түзүлгөн. 2022-жылдын 4-апрелинде кол коюлган келишимге ылайык, 53 миллион доллар өлчөмүндөгү рекультивациялык фондуна болгон көзөмөл Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет.

2021-жылдын 31-декабрына карата Рекультивациялык фондун балансы 53 миллион АКШ долларын түзөт.