МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРЫЛАР ҮЧҮН ҮЙ-ИНТЕРНАТЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ.

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРЫЛАР ҮЧҮН ҮЙ-ИНТЕРНАТЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ.

Жарыяланган: 11 December 2017

6-декабрда, медициналык бөлүмдүн “Кумтөрдүн элчилери”, инженердик бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте кезектеги социалдык долбоорду ишке ашырды. Кумтөрчүлөр Бишкек шаарындагы Ленин районунун карылар үчүн Үй-интернатына жардам көрсөтүштү.

Аталар жана апалар жашаган социалдык мекемелер, кошумча жардамга көп муктаж болушат, өзгөчө жеке гигиена каражаттары менен тиричилик химиясын сатып алууда. “Күмтөрдүн элчилери” 18 миң сом чогултуп, күнүмдүк тиричиликте керектелүүчү буюм-тайымдарды сатып алып, жеткиришти. Интернаттын директору Айчүрөк Алышева жана кожойке айым үй-интернаттын баардык жашоочуларынын атынан ыраазычылык билдирди.

Баардыгы болуп, үй-интернатында азыркы кезде 48 адам жашайт, анын ичинен алтоо ар дайым кам көрүүгө муктаж болгон, төшөктөн турбаган адамдар. Ошондой эле, интернат төшөнчү шейшептерге муктаж, аны буйрутмага тиккен сокурлар коомунан сатып алса болот. Ушундай максат менен бир эле жолу , эки уюмга жардам берсе болот.