Караколдо «Жаштар ишкерчилиги» долбоорунун экинчи тандап алуу сынагы өттү

Караколдо «Жаштар ишкерчилиги» долбоорунун экинчи тандап алуу сынагы өттү

Жарыяланган: 07 July 2015

Өткөн дем алышта Караколдо «Жаштар ишкерчилиги» долбоорунун алкагында кезектеги Start Up Weekend болуп өттү. Ал “Кумтөр Голд Компани” аркылуу каржыланып, Борбор Азиядага Евразия Фонду тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Бизнес-идеяларын сунуштап, алардын жөндөмдүүлүгүн жактоо үчүн Ысык-Көлдүн борборуна жүздөй жаш ынтызарлар чогулушту. Эң кызыктуу жана келечектүү долбоорлордун авторлору ишкерчиликке окуп үйрөнүүгө жана каржылык колдоого мүмкүнчүлүк алышат. Көрсөтүлгөн билдермелер ар кыл багытта болуп, окутуу борбору же сулуулук салонунан баштап, айыл-чарба өндүрүмүн кайра иштетүү жана курулуш материалдарын чыгарууга чейин камтыйт.

Бир апта мурун ушундай эле Start Up Weekend Балыкчы шаарында өткөн. Эки иш чаранын жыйынтыгында 60 жаш демилгечи тандалып, бизнес-пландарын толук иштеп чыгууга жана бизнесин баштоого же бар ишин кеңейтүүгө 10 миң долларга чейин грант үчүн ат салышмакчы. 15 мыкты бизнес-долбоордун каржыланышы күтүлүүдө. Жаш ишкерлерге кесипкөй устаттар жардам берет.

«Биз Кыргызстан рынок шарттарында өз ишин баштап, ийгиликке жетишкен жаш ишкерлерди устаттыкка чакыруудабыз» – деп түшүндүрөт БАЕФ долбоорлорунун улуу менеджери Назгүл Аксариева.

Ачык сынакка көлдүн тескейиндеги (Балыкчыдан Түпкө чейин) 20дан 28 жашка чейинки бардык каалоочулар катышканын баса белгилейбиз.

“Биздин компания үчүн ишке ашырып жаткан долбооролордун туруктуулугу абдан маанилүү. Жаштардын билимине салым эң мыкты инвестиция экенине ишенем. Долбоордун алкагында жаштар ишкерчиликтин негиздерине үйрөнүп, билимин иш жүзүндө колдонуу аркылуу Ысык-Көл облусунун экономикасына салым кошо алышат” – деп белгилейт “Кумтөр Голд Кмопанинин” туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.

«Жаштар ишкерчилиги» долбоору Ысык-Көл облусунун жаштарын ишке орношуу жолдоруна үйрөтүүнү жана түркүн компания жана ишканаларда тажрыйба алууда жардам берүүнү да уюштурат. Андан сырткары, июлдун экинчи жарымында көл аймагындагы жаштар үчүн вакансиялар жарманкесин өткөрүлмөкчү.