КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ЦИСТЕРНАЛАРЫН ЖУУ ҮЧҮН ЩЕЛОЧТУК КАРАЖАТТЫ (КОНЦЕНТРАТТЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ЦИСТЕРНАЛАРЫН ЖУУ ҮЧҮН ЩЕЛОЧТУК КАРАЖАТТЫ (КОНЦЕНТРАТТЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 17 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 21-августу, саат 10:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди күйүүчү май цистерналарын жуу үчүн щелочтук каражатты (концентратты) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилүүгө тийиш (баалар таблицасын кошумча .xlsx форматында дагы берүү зарыл).

Сунуштарды тапшыруу тартиби Тандоого катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык орус же кыргыз тилинде катышууга табыштама даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө concentrate@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 21-августу саат 10:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул конкурстук документтерге тиркелет.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен тапшырылсын:

• жеткирүү мөөнөттөрү;
• жеткирүү шарттары;
• төлөө шарттары;
• коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (мүмкүн болушунча эң узак мөөнөттү көрсөтүү өтүнүлөт).

Баалоо критерийлери: Эң төмөнкү бааны жана эң ылайыктуу жеткирүү мөөнөттөрүн сунуштаган катышуучунун сунушу тандоодон өткөн болуп таанылат.
«concentrate» деген тема менен көрсөтүлгөн сунуштар concentrate@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 21-августу саат 10:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы каалаган бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу, мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.

Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоого байланышкан бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg.

Конкурстук сунуштарды/табыштамаларды бул электрондук дарекке жөнөтпөңүздөр!!!

Эгерде аванстык төлөм каралса, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө аванстык төлөмдү төлөө боюнча банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.

Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонууга тийиш.

Банктык кепилдиктерди авизолоо менен байланышкан бардык чыгымдарды Жеткирип берүүчү көтөрөт.

Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. Техникалык тапшырма.