МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУН КЕНЖЕ МЕНЕДЖЕРИ / КЕНЖЕ БИЗНЕС-АНАЛИТИГИ

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУН КЕНЖЕ МЕНЕДЖЕРИ / КЕНЖЕ БИЗНЕС-АНАЛИТИГИ

Жарыяланган: 17 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт 

Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын Долбоорлордун кенже менеджери/Кенже бизнес-аналитиги (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-010 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • МТ долбоорлорунун максаттарын, баалуулуктарын (пайдасын), техникалык-экономикалык негиздемесинин расчетун аныктоо;
  • Өзгөрүүлөрдү башкаруу (колдонмо программалык камсыздоо боюнча талаптар);
  • Бизнести-процесстерди сыпаттоо (as is, to be);
  • Системага болгон талаптарды user stories / use cases /маалымат системасына Техникалык тапшырма (ТТ) түрүндө түзүлүшүн башкаруу жана контролдоо;
  • МТ долбоорлорунун аткарылышын башкаруу жана контролдоо;
  • МТ долбоорлорун жана маалыматтык системаларды өндүрүштүк колдонууга кабылдоо-өткөрүү;
  • МT долбоорлорун башкаруу үчүн маалыматтык системаларынын бизнес-процесстерин сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо (CASE инструменттери) жана салыштырмалуу анализ;
  • Маалымат системаларын тандоо боюнча пилотторго катышуу;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 1 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;

– 1 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен, металлургия тармагында артыкчылыкка ээ);

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли (PMBOK).

– стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK, Россия Федерациясынын ГОСТу), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү;

– Cloud ready жана Cloud-Native applications колдонмолорунун, API Management, микросервистик архитектура боюнча подходдор менен паттерндер;

– SOA (Service – Oriented Architecture) үлгүлөрүн базалык билими;

– нотациялар, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML);

– талаптарды башкаруу аудитин уюштуруу, МТ долбоорлорун башкаруу бюонча көндүмдөрү болуу;

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы  принциптерин билүү;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 28-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-010.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.