Тамгада «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча турнир ɵттү

Тамгада «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча турнир ɵттү

Жарыяланган: 12 June 2015

2015-жылдын 10-12-июнунда Ысык-Кɵл облусунда, Жети-Ɵгүз районунун Тамга айылында Жанек Баатырдын кубогуна арналган уландар арасында дзюдо боюнча V эл аралык турнир болуп ɵттү.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан балбандар жана Казакстандан беш команда катышты. 2003-2004-жылдары туулган уландар 22ден 46 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашты. Катышуучулардын жалпы саны эки жүздɵй болду.

«Биз жылыга өтүп, салттуу болуп калган турнирибизди башкы демɵɵрчүсү «Кумтɵр» компаниясына туруктуу колдоосу үчүн ыраазыбыз. Турнир жакшы деӊгээлде ɵтүшү үчүн компания бир нече жыл мурда машыгууларды жана мелдештерди ɵткɵрүү үчүн атайын төшөө – татами алып берген. Компания аймакта спортту ɵнүктүрүүгɵ кɵӊүл бурганына кубанычтабыз жана биргелешкен аракеттерибиз жаштарды спорт менен сергек жашоого кызыктырууга шарт түзөрүнө ишенебиз», – деп белгиледи башкы уюштуруучу, «Хидаят» спорт клубунун жетекчиси Бакытбек Кадыралиев.

Жалпы командалык эсепте кабыл алган тараптын спортчулары – «Хидаят» клубунун балбандары үчүнчү орунду ээлешти. Экинчи орун Казакстандан келген келген команда – Тараз шаарынын спортчуларына тийди. Бишкектен келген Олимпиалык резервдеги спорттук балдар-ɵспүрүмдɵр мектебинин спортчулар командасы турнирдин жеңүүчүсү болду.

Мелдештин байге фонду 300 миӊ сомдон ашуун болуп, жеӊүүчүлɵргɵ дипломдор, грамоталар жана медалдар, ошондой эле байге катары мобилдик телефондор тапшырылды. Жылыга өтүүчү турнир «Хидаят» спорт клубу жайгашкан Жети-Ɵгүз районунун Тосор айылында, ал айылдан чыккан Жанек Баатырдын урматына уюштурулат. Баатыр күчтүүлүгү менен атагы чыгып, жеӊилбес катары белгилүү болгон. Быйылкы турнир баатырдын 200 жылдыгына дал келип, мааракесине арналды.