Журналисттер “Кумтөр” кенинин иши менен таанышып келишти

Журналисттер “Кумтөр” кенинин иши менен таанышып келишти

Жарыяланган: 31 May 2021

2021-жылдын 28-майында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Кумтөр” кенине пресс-тур уюштурулган. Алдыңкы республикалык жана эл аралык маалымат медиа журналисттери кен жайдын негизги өндүрүштүк аянттарына барышып, кен жайда иш үзгүлтүксүз жана штаттык режимде жүргүзүлүп жатканына күбө болушту.

– Кумтөр кенинде учурда эч кандай көйгөйлүү маселе жок. Бардык бөлүмдөр иштеп жатат, өндүрүштүк тапшырмалар аткарылууда, камтетиктердин, чыгымдоо материалдардын жана күйүүчү майдын запастары жетиштүү, – деп билдирди  журналисттерге “Кумтөр Голд Компанинин” алтын ылгоо фабрикасынын менеджери жана өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов.

КГКнын тоокен-өндүрүштүк бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтык Мокеев кендеги иш токтоосуздан уланып жаткандыгын жана жумуштар өндүрүштөгү коопсуздук техника эрежелерин кылдат сактоо менен аткарылып жатканын белгиледи.

– Коллектив “Кумтөр Голд Компани”ге убактылуу тышкы башкаруунун киргизилүүсүн түшүнүк менен кабыл алышты,  кызматкерлердин маанайы жакшы, – деп баса белгиледи Мокеев.

Карьердин боорун көзөмөлдөө жана сканерлөө системасы менен мөңгүлөрдүн кыймылын лазердик көзөмөлдөө системалары журналисттерге көрсөтүлдү. Улук инженер-геотехник Саламат Тогузбаев 2021-жылдын 15-май күнү серверлерге байланыш сырттан жабылганын, бирок мониторинг маалыматтары алынып жатканын белгиледи. 2021-жылдын 19-май күнү серверлерге байланыш калыбына келтирилди деп билдирди. Бул күндөрдө терс көрүнүштөр катталган эмес.

Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова журналисттерге “Кумтөр” кенин иштетүүдө кандай бузууларга жол берилгени тууралуу айтып берди жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясы тарабынан экологиялык ченемдер сакталбагандыгын тастыктаган документтерди көрсөттү.

Анын айтымында, буга чейин тоо-тек калдыктары Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө ташталган. Тыюу салынганына карабастан, 1995-жылы карьерди иштетип баштагандан тартып мөңгүлөрдө 1 млрд тоннадан ашык калдыктар топтолгон. Ошентип, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Д.Кутманованын айтуусу боюнча, 186 млн кубометр мөңгү талкаланган. Өлкөнүн башкы экологу, бүгүнкү күндө бош тоо-тектери мөңгүлөрдүн деңгээлинен 10 км ылдый өрөөндө жайгаштырылып жатканын кошумчалады.

Массалык маалымат каражат өкүлдөрү ачык карьерди, Петров көлүн, калдыктарды сактоочу жайды, тазалоочу курулмаларды, турак жай лагерди көрүп чыгышты. План боюнча карьердин өндүрүмдүүлүгү суткасына 550 миң тоннаны түзөт, азыркы учурда бул жерде 170 оор техника, анын ичинен 116 самосвал жана 14 экскаватор ишке тартылган. Журналисттер долбоордун масштабы жана технологиялык мааниси менен таасирленип келишти.

Кошумча маалымат үчүн ММК менен байланыш бөлүмүнө кайрылыңыз

Тел: (312) 90-07-07; 90-08-08.