Биздин ураан:

Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт.

4 000 метр бийиктикте кенди иштетүүдө негизги татаалдыктар суук климатта жана кычкылтектин төмөн курамы шарттарында жашоодо жана иштөөдө турат. Минималдуу температура минус 50°С болсо, орточо жылдык температура минус 8°С түзөт. Биздин кызматкерлер үзгүлтүксүз медициналык кароодон жана саламаттык абалын текшерүүсүнөн өтүшөт, жогорку сапаттуу коргоочу атайын кийимдер менен камсыздалышат, өздөрүн жана кесиптештерин коргоо үчүн ден соолукту коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окутуудан өтүшөт. Биз күтүлбөгөн кырсыктардын жана медициналык жардам керектирбеген бардык травмалардын каттоосун жана анализин жүргүзөбүз. Мындан тышкары кырсыктан сактоо командабыз бар, ал үзгүлтүксүз машыгууларды өткөруп турат. Биздин ураан – ««Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт».

Labor safety

Биз коопсуз, саламат жана татыктуу иш шарттарын түзүүгө умтулабыз. Кырсыктын алдын алуу үчүн, ишке байкоо жүргүзүү, тапшырмаларга эртелеп даярдануу, иш орун менен талааны текшерип туруу сыяктуу иштиктүү чараларды колдонобуз. Кокустуктун кайталанышынан качуу үчүн, окуяны түп-тамырынан изилдеп, тиешелүү иш-аракеттерди жасайбыз.

Коопсуздук техникасы боюнча катаал талаптар саламаттыкка залалдын деңгээлин азайтат. Төмөндөгү таблица 200 000 адам-саатка карата каттоого жаткан травматизм учурларын көрсөтөт.

Каттого жаткан травматизм учурларынын жыштыгы

Каттого жаткан травматизм учурларынын жыштыгы = [(травматизмдин иш убагын жоготуу менен учурлары + травматизмдин меджардам көрсөтүлгөн учурлары) х 200 000] : иштелген саат.

Ден соолукту коргоого жана коопсуздук техникасына окутуу


Labor SafetyКен ишканасынын бардык жаңы кызматкерлерибиринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуудан жана үзгүлтүксүз кайталоо окутуусунан өтүп турушат. Бизде (башка кызматтарда толук саат иштеген ыктыярчы жумушчулардан түзүлгөн) кырсыктан куткаруу жана биринчи жардам берүү командалары бар. 2013-ж. аралыгында биз кызматкерлерибизди жана подряддык уюмдардын жумушчуларын окутууга 1,73 млн. АКШ долларын жана 50 000 адам-саат жумшадык. Окутуу коопсуздук техникасы боюнча киришүү инструктажы биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана кырсык баскан учурларда жасалуусу зарыл иш аракеттерди; иш орундарындагы коркунучтардын алдын алуу, коркунучтуу жүктөрдү транспорттоо, коопсуз айдоо, жүктөгүч унаасын колдонуу ыкмаларына үйрөтүү, атайын иш уруксаттарын берүү усулдарына үйрөтүү; радиация жана ультрафиолет нурдануу коркунучун алдын алуу; басым астында иштеген идиштерди колдонуу, чектелген мейкиндикте иштөө, цианиддер жана башка химикаттарды колдонуу, угуу органдарын коргоо, үшүккө чалдыгуудан жана гипертермиядан коргонуу эреже куралдарын камтыган.

Медициналык текшерүү жана кызматкерлердин саламаттыгы


Бийик тоо жана кычкылтек жетишсиздиги шарттарында болууга жана иштөөгө жарамдуулугун текшерүү үчүн кызматкерлерибиз үзгүлтүксүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген лицензияга ылайык, «Кумтөр» Бишкек шаарында, Балыкчы өткөөл базасында жана тоо-кен жайында дарыгерлерден, тез жардам адистеринен, медайымдардан жана биринчи жардам нускоочуларынан турган квалификациялуу медперсоналы бар медициналык кеңселерге ээ. Ишкананын жана подряддык уюмдардын бардык жаңы кызматкерлери кен ишканасына биринчи жолу баруунун алдында толук медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Кийин, ишкананын кызматкерлери жыл сайын подряддык уюмдардын кызматкерлери болсо 3-6 айда бир жолу медтекшерүүдөн өтүшөт. Айдоочулардын кен ишканасына баруу жана андан кайтуу алдында, Бишкектик айдоочулардын болсо ар бир вахта убагында кан басымы текшерилет жана кычкыл-текке тест жүргүзүлөт. Андан тышкары, ишкананын жана подряддык уюмдардын кызматкерлери ооруп калганда же чочулоо жараткан симптомдор келип чыкканда ар бири тиешелүү текшерүүдөн жана дарылоодон өтүшөт. Кен ишканасында, мындай зарылчылык келип чыкканда, организмдин акклиматизациясына жардамдашуу үчүн барокамера да бар.

Labor Safety

Бизде кызматкерлерибизди коргоо жана алардын саламаттыгынын жалпы абалын жакшыртуу үчүн профилактикалык программалар бар. Жыл сайын сасык тумоого каршы иммунитетти чыңдоо программасы ишке ашырылат. Байкоолорубузга жараша, жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы ишке чыкпоонун негизги себеби болуп калууда. 2002 жылдан бери тамеки чегүү менен күрөшүү программабызды ишке ашыруу алкагында жеке консультациялар, медициналык каражаттарды таратуу (никотин малаамдары сыяктуу) жана тамеки чегүүгө уруксат берилген жерлерди чектөө сыяктуу чараларды катар алып баруу демилгелеринен турат. Тизмеленген чаралардын акыркысы пассивдүү тамеки чегүү тобокелчилигин төмөндөтүүдө өзгөчө мааниге ээ. 2010 жылдан бери сергек тамактануунун мониторинг программасын ишке ашыруу алкагында кызматкерлерге жеке консультация берилип, лагерьде даярдалган тамактын азык-зат балансы көзөмөлдөөдөн өтүп турат. Күнүмдүк тамактануу үчүн адамдардын тандоосуна жеке жана салттык көңүлгө жаккан жана жалгыз гана Кыргыз Республикасынан алынган азык заттардан жасалган жогорку сапаттагы жана жаңы даярдалган көп түрдүү тамактар сунулат.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү


Биздин ишканада 24-саат бою нөөмөттө турган жана ичине даарыгер, тез жардам машинасы жана ишканадагы реанимациялык жабдуу кирген кырсыктан куткаруу командасы кызматта турат. Өзгөчө кырдаал учурунда аткарылуучу иш-чаралар пландары жыл сайын кайра каралып жаңыланып турат, тиешелүү окутуулар өткөрүлүп, мезгил-мезгили менен машыгуулар өткөрүлөт. Labor SafetyСценалаштарылган машыгуулар, Бороо Голд кен ишканасынын («Центерранын» Монголиядагы алтын кени) командасы жана башка командалардын (ӨКМдин, «Кыргызалтын» ААКсынын сыяктуу) катышуусу менен жылдык мелдештер өткөрүлүп, биздин даярдыгыбыздын жогорку деңгээлде болуусуна жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттешүүнү чыңдообузга өбөлгө түзөт. Биз Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын талаптарына ылайык окутуу жүргүзөбүз. Олуттуу окуялар болгон учурда биз алардын анализин жүргүзүп, тийиштүү тыянак чыгаруу менен бирге өзгөчө кырдаалдарда аракеттер процедураларын кайра карап, тиешелүү түрдө түздөйбүз. Маанилүү мисал болуп, төмөндө биздин цианид төгүлүшүнө каршы жасаган иш чараларыбыз көрсөтүлгөн.