Саламаттык менен эмгекти коргоо

Саламаттык менен эмгекти коргоо

Биздин ураан:

Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт.

4 000 метр бийиктикте кенди иштетүүдө негизги татаалдыктар суук климатта жана кычкылтектин төмөн курамы шарттарында жашоодо жана иштөөдө турат. Минималдуу температура минус 50°С болсо, орточо жылдык температура минус 8°С түзөт.

Биздин кызматкерлер үзгүлтүксүз медициналык кароодон жана саламаттык абалын текшерүүсүнөн өтүшөт, жогорку сапаттуу коргоочу атайын кийимдер менен камсыздалышат, өздөрүн жана кесиптештерин коргоо үчүн ден соолукту коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окутуудан өтүшөт. Биз күтүлбөгөн кырсыктардын жана медициналык жардам керектирбеген бардык травмалардын каттоосун жана анализин жүргүзөбүз. Мындан тышкары кырсыктан сактоо командабыз бар, ал үзгүлтүксүз машыгууларды өткөруп турат. Биздин ураан – ««Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт».

Ден соолукту коргоого жана коопсуздук техникасына окутуу

Кен ишканасынын бардык жаңы кызматкерлерибиринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуудан жана үзгүлтүксүз кайталоо окутуусунан өтүп турушат. Бизде (башка кызматтарда толук саат иштеген ыктыярчы жумушчулардан түзүлгөн) кырсыктан куткаруу жана биринчи жардам берүү командалары бар. Окутуу коопсуздук техникасы боюнча киришүү инструктажы биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү жана кырсык баскан учурларда жасалуусу зарыл иш аракеттерди; иш орундарындагы коркунучтардын алдын алуу, коркунучтуу жүктөрдү транспорттоо, коопсуз айдоо, жүктөгүч унаасын колдонуу ыкмаларына үйрөтүү, атайын иш уруксаттарын берүү усулдарына үйрөтүү; радиация жана ультрафиолет нурдануу коркунучун алдын алуу; басым астында иштеген идиштерди колдонуу, чектелген мейкиндикте иштөө, цианиддер жана башка химикаттарды колдонуу, угуу органдарын коргоо, үшүккө чалдыгуудан жана гипертермиядан коргонуу эреже куралдарын камтыган.

Медициналык текшерүү жана кызматкерлердин саламаттыгы

Бийик тоо жана кычкылтек жетишсиздиги шарттарында болууга жана иштөөгө жарамдуулугун текшерүү үчүн кызматкерлерибиз үзгүлтүксүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген лицензияга ылайык, «Кумтөр» Бишкек шаарында, Балыкчы өткөөл базасында жана тоо-кен жайында дарыгерлерден, тез жардам адистеринен, медайымдардан жана биринчи жардам нускоочуларынан турган квалификациялуу медперсоналы бар медициналык кеңселерге ээ. Ишкананын жана подряддык уюмдардын бардык жаңы кызматкерлери кен ишканасына биринчи жолу баруунун алдында толук медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Кийин, ишкананын кызматкерлери жыл сайын подряддык уюмдардын кызматкерлери болсо 3-6 айда бир жолу медтекшерүүдөн өтүшөт. Айдоочулардын кен ишканасына баруу жана андан кайтуу алдында, Бишкектик айдоочулардын болсо ар бир вахта убагында кан басымы текшерилет жана кычкыл-текке тест жүргүзүлөт. Андан тышкары, ишкананын жана подряддык уюмдардын кызматкерлери ооруп калганда же чочулоо жараткан симптомдор келип чыкканда ар бири тиешелүү текшерүүдөн жана дарылоодон өтүшөт. Кен ишканасында, мындай зарылчылык келип чыкканда, организмдин акклиматизациясына жардамдашуу үчүн барокамера да бар.

Бизде кызматкерлерибизди коргоо жана алардын саламаттыгынын жалпы абалын жакшыртуу үчүн профилактикалык программалар бар. Жыл сайын сасык тумоого каршы иммунитетти чыңдоо программасы ишке ашырылат. Байкоолорубузга жараша, жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы ишке чыкпоонун негизги себеби болуп калууда. 2002 жылдан бери тамеки чегүү менен күрөшүү программабызды ишке ашыруу алкагында жеке консультациялар, медициналык каражаттарды таратуу (никотин малаамдары сыяктуу) жана тамеки чегүүгө уруксат берилген жерлерди чектөө сыяктуу чараларды катар алып баруу демилгелеринен турат. Тизмеленген чаралардын акыркысы пассивдүү тамеки чегүү тобокелчилигин төмөндөтүүдө өзгөчө мааниге ээ. Туура тамактанууга мониторинг программасын ишке ашыруу алкагында кызматкерлерге жеке консультация берилип, лагерде даярдалган тамактын азык-зат балансы көзөмөлдөнөт. Күнүмдүк тамактануу үчүн адамдардын тандоосуна жеке жана салттык көңүлгө жаккан жана жалгыз гана Кыргыз Республикасынан алынган азык заттардан жасалган жогорку сапаттагы жана жаңы даярдалган көп түрдүү тамактар сунулат.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү

Биздин ишканада курамында даарыгер, тез жардам машинасы жана ишканадагы реанимациялык жабдуусу даяр кырсыктан куткаруу командасы 24-сааттык нөөмөттө. Өзгөчө кырдаал учурунда аткарылуучу иш-чаралар пландары жыл сайын кайра каралып жаңыланып турат, тиешелүү окутуулар өткөрүлүп, мезгил-мезгили менен машыгуулар өткөрүлөт. Сценалаштарылган машыгуулар жана жылдык мелдештер ӨКМдин, «Кыргызалтын» ААКсынын командаларынын катышуусу менен өткөрүлүп, биздин даярдыгыбыздын жогорку деңгээлде болуусуна жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттешүүнү чыңдообузга өбөлгө. Биз окууларды ыйгарым укуктуу тиешелүү мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык жүргүзөбүз. Олуттуу окуялар болсо анализдеп, тийиштүү тыянак чыгарып, өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү процедураларын кайра карап, тиешелүү түрдө түздөйбүз.