«Кумтөр» компаниясынын 2012-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

«Кумтөр» компаниясынын 2012-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 27 March 2013

2012-жылдагы өндүрүш жана сатып өткөрүү

2012-жылы «Кумтөр» кен ишканасында 315 238 унция* же 9,8 тонна алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 314 987 унцияны түздү, бул да 9,8 тоннадай алтын. Сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөн каражат жылдын жыйынтыктары боюнча 533,6 млн. долларды** түздү.

Жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы капиталдык чыгымдоолор 399,9 млн. долларды түздү, анын көп бөлүгү оор тоо техникасынын паркын кеңейтүүгө жана анын ремонтуна багытталды. Участокторду 2013-жылы руда казып алууга даярдоо үчүн ачык карьерде музду алып салуу боюнча иштер жана руданын бетин ачуу иштери улантылды. Геологиялык чалгындоого чыгымдоолор 11,8 млн. долларды түзгөн..

IV квартал, 31-декабрга карата 12 ай, 31-декабрга карата
2012 2011 Өзгөрүүлөр 2012 2011 Өзгөрүүлөр
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 189 438 138 696 37% 315 238 583 156 (46%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 5 892,2 4 313,9 37% 9 805,0 18 138,2 (46%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 185 936 141 897 31% 314 987 599 494 (47%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 5 783,3 4413,5 31% 9 797,2 18646,4 (47%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы(унциясына АКШ доллары менен) 1 709 1 689 1% 1 694 1 570 8%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат* (млн. АКШ доллары менен) 317,8 239,7 33% 533,6 941,1 (43%)
Жалпы акчалай чыгымдоолор** (салыктарды кемитип салганга чейин) 151,2 110,6 37% 614,5 475,0 29%
Жалпы өндүрүштүк чыгымдоолор (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен) (млн. АКШ доллары менен) 193,5 112,1 42% 370,5 392,2 (6%)
Капиталдык чыгымдар (млн. АКШ менен) 83,9 28,5 195% 399,9 180,7 121%
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдоолор (млн. АКШ менен) 2,9 2,9 (7) 11,8 13,6 (11%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң  тонна) 38 185 37 124 3% 147 610 150 605 (2%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң  тонна) 4 463 1 095 308% 4 955 6 020 (18%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү
(миң  тонна)
1 547 1 450 7% 4 756 5 815 (18%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 5,13 3,80 35% 2,79 3,79 (26%)
Алтынды бөлүп алуу пайызы (пайыз менен) 77,7 77,6 0% 75,6 80,8 (6%)

* «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн акыркы продуктысы болуп Доре3 куймалары саналат, алар «Кумтөр Оперейтинг Компани» «Кыргызалтын»ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаж ишканасында андан ары кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» Ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынат. Тазаланган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын»ААКсы гана ээ.
**Жалпы акчалай чыгымдоолор (салыктарды кемитип салганга чейин) өзүнө төмөнкү чыгымдарды камтыйт: операциялык акчалай чыгымдоолор (руданы казып алуу, кайра иштетүү, өндүрүшкө салыктар (дүң кирешеге салыкты чыгарып салганда) жана административдик чыгымдоолор, капиталды колдоп туруу жана өсүүсү (анын ичинде капиталдаштырылган ачуу иштерине чыгымдоолор да), геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдоолор жана жамааттарга инвестициялар.
Компания отчеттуулукка «Жалпы акчалай чыгымдоолор»жаңы көрсөткүчүн кошууну чечти, себеби бул метод иш жүзүндөгү өндүрүштүк чыгымдоолор жөнүндө толугураак түшүнүк берет. «Жалпы акчалай чыгымдоолор»(салыктарды кемитип салганга чейин) көрсөткүчү бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт.

Запастар жана ресурстар

2012-жылдын 7-ноябрында компания кендин запастарын көбөйтүлүшү жана кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтүнүн беш жылга узартылышы жөнүндө билдирген: KS-13 планына ылайык, ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү мезгили 2023-жылга чейин, а руданы алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү мөөнөтү 2026-жылга чейин узартылган. 2012-жылдын аягына карата кендин запастары жана ресурстары төмөнкү таблицада келтирилген:

2012-ж. 31-декабрына карата абалдагысы Миң тонна руда Алтындын курамы г/т менен Алтындын курамы

Миң унция

Тонна

Алтындын запастары:
– тастыкталгандары 3 149 1,9 196 6,10
– прогноздолгондору 88 371 3,3 9 270 288,33
Запастар жалпысынан 91 520 3,2 9 466 294,43
Ресурстар:
– эсептелгендери (карьер)
-болжолдонулгандары карьер)
– болжолдонулгандары (жер астындагы штокверк зонасы)
21 975 2,3 1 631 50,73
12 113 2,3 898 27,93
351 10,7 121 3,8
Эсептелген жана болжолдонулган ресурстар жалпысынан 34 439 2,4 2650 79,04
Алдын ала бааланган ресурстар
– борбордук карьер 9 339 2,4 712 22,15
– жер астындагы штокверк зонасы 2 002 11,0 705 21,93
– жер астындагы SB зонасы 3 413 11,2 1 229 38,23
Алдын ала бааланган ресурстар жалпысынан 14 754 6,4 2 646 82,31

 

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр
жана башка милдеттүү которуулар

2012-жылдын он эки айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар түрүндө төлөмдөр, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле компания тарабынан башка милдеттүү төлөмдөр 128 млн. доллардан ашып кетти, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 6,07 млрд. сомго жакынды түзөт.

2012-жылдын 31-декабрына карата

Миң АКШ доллары менен

Дүң кирешеге салык* 96 594,74
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 4 638,17
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 4 828,52
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 19 886,43
Бажы төлөмдөрү 1 093,53
Резидент эместердин кирешелерине салыктар 566,96
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 109,77
Жалпысынан 128 028,13
Маалымат үчүн: 31. 12. 2011-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 47,4012
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 6 068 686,83

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.
* – өзүнө салыктын бул түрү боюнча 30 млн. доллар өлчөмүндөгү авансты камтыйт.

Башка төлөмдөр

2012-жылдын апрелинде компания менен Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин ортосунда кол коюлган меморандумга ылайык, «Кумтөр» микрокредиттик агенттик аркылуу Кыргызстандагы жакырчылыкты жана жумушсуздукту жоюу боюнча программага 21 млн. доллар бөлдү.

2012-жылдын майынын аягында өлкөнүн Өкмөтүнүн кайрылуусуна байланыштуу компания дүң кирешеге салыктын бир бөлүгүн аванс иретинде төлөп берүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр

2012-жылы Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр (салыктарды, аффинаж үчүн төлөмдү, жергиликтүү берүүчүлөргө товарларды жана кызматтарды бергендиги үчүн акы төлөөнү, инфраструктура боюнча төлөмдөрдү, кайрымдуулукту ж.б. кошо алганда) 298 млн. жоллардан ашып кеткен.

Жалпысынан компания иштеген 1994-2012-жж. Кыргызстандын территориясындагы төлөөлөр 2 миллиард 150 миллион доллардан ашып кетти.

В млн. долларов

2012 ж.

1994 – 2012 жж.

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 103,194 627,453
Кыргыз Республикасынын Соцфондуна төлөмдөр 19,886 92,362
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 4,638 27,674
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр үчүн акы төлөөлөр 0,259 2,279
Экологиялык төлөмдөр жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 3,749
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 11,421
Аффинаж үчүн акы төлөө 1,884 36,081
«Центерранын» акцияларын сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 86,000
Дивиденддер 5,836 50,249
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар:
– берүүлөр жана кызматтар
54,178 537,014
– азык-түлүк продуктылары 5,278 46,471
КРнын инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:
– электр энергиясы
10,941 119,340
кен ишканасынан тышкары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,530 35,333
«Тамга-Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КОКтун кызматкерлеринин таза эмгек акысы 66,575 378,652
Санатордук дарылануу 0,136 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуулар 0,074 3,839
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 2,921 14,992
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жардам 21,000 31,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Жалпысынан 298,641 2 150,664

 

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын
макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын-ала маалыматтары боюнча:
• ”Кумтөрдүн” өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 5,5%ды;
• ”Кумтөрдүн” өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 18,9%ды түзгөн.

2013-жылга прогноз

• Компаниянын эсептөөлөрү боюнча, 2013-жылы «Кумтөрдө»алтын өндүрүүнүн көлөмү 550-600 миң унциядайды (17,1-18,7 тонна) түзөт.
• 2013-жылы бардык алтындын болжол менен 50%ы 4-кварталда казылып алынмакчы.
• Геологиялык чалгындоо иштерине 2013-жылы 13,5 млн. доллар жумшоо плндаштырылууда.
• 2013-жылы ачуу иштерин капиталдаштырууну алып салганда, жалпы капиталдык чыгымдоолор 95 млн. долларды түзүүгө тийиш, анын ичинде 64 млн. доллар негизги фонддорду модернизациялоого.
• KS-13 планы боюнча кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөттөрүн узартууга байланыштуу бир катар инфраструктура объектилерин көчүрүүгө чыгымдарды кошо алганда, кен ишканасын өнүктүрүүгө инвестициялар 2013-жылы 31 млн. долларды түзөт.
• Борбордук карьердеги ачуу иштерине байланышкан чыгымдар 212 млн. доллардайды түзмөкчү.

Комментарий

«2012-жыл компания үчүн жеңил эмес болуп калды. Ал Кумтөр кениндеги муздуу бош тектин жылышуусу менен башталды, бул бизди тоо-кен иштерин түзөтүүгө мажбурлады. Ошентсе да биз жылдын аягына карата кырдаалды турукташтыра алдык. 2013-жылдын 4-кварталынын башталышына карата биз SB зонасында, алтындын курамы жогору участокто руда казып алууга киришүүнү пландаштырып жатабыз. Бул зонанын ресурстары көп жылдардан бери өндүрүштүк жүгүртүүдө турат жана аны иштетүү кен ишканасынын жакынкы жылдарга туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи»- деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

●●●

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2011-жылдын 31-декабрына чейин «Кумтөрдө»жалпысынан 8,7 млн. унция же 271 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Оперейтинг Компани»«Кумтөр» долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. «Центерра»түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. «Центерранын»акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциянын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 1-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 507 млн. долларды түздү.

Азыркы учурда «Центерра» Кыргыз Республикасында жана Монголияда иштеп жаткан эки алтын кен ишканасына ээ. Андан тышкары, Компаниянын Монголиянын, Түркиянын, Кытайдын жана Россия Федерациясынын перспективалуу объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышы бар.

“Центерра”жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында: www.sedar.com жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com, жеткиликтүү, ошол эле жерден 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү. 
_________________________________________________________________________
* – Малымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, анда бардык акча суммалары АКШ доллары менен келтирилген.
*** –Доре куймасы – «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы, анда 85%га чейин алтын, ошондой эле күмүштүн, цинктин, жездин жана никелдин аралашмасы бар.