2011-жылдын II кварталынын жыйынтыктары

2011-жылдын II кварталынын жыйынтыктары

Жарыяланган: 17 August 2011

Кумтор Оперейтинг Компани

2011-жылдын II кварталынын жыйынтыктары

“Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2011-жылдын II кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын апрель – июнь айларында “Кумтөрдө” 139 077 унцияже 4 325,8 кг алтын өндүрүлдү. 2011-жылдын башынан бери 303 244 унция же 9 432 кг жакын алтын өндүрүлдү.

Алты айда 3 миллиард 650 миллион сомдон ашуун суммада салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулду.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

2011-жылдын экинчи кварталында “Кумтөр” кенинде 139 077 унция алтын өндүрүлдү, бул 2010-жылдын ушундай кварталына караганда 54%га көп.

2011-жылдын II кварталында өндүрүштүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын жогорку курамынан жана бөлүп алуу пайызынын жогору болуусунан улам мүмкүн болду. Үстүбүздөгү жылдын II кварталында фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын курамы 82,6% бөлүп алуу пайызында орточо 3,27 г/т түздү. Квартал аралыгында кайра иштетилген руданын көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 7,7%га көбөйдү жана 1,5 млн. тоннага жетти.

2011-жылдын II кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 144 687 унцияны же 4,5 тоннадайды түздү. 2011-жылдын II кварталында алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 221,2 млн. долларды2 түздү. Компаниянын дүң кирешеси баарыдан мурда продукцияны сатып өткөрүү көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн жана алтынды сатып өткөрүү баасынын эсебинен өстү. 2011-жылдын II кварталында алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 529 долларды түздү. Башка өндүрүштүк көрсөткүчтөр №1 таблицада келтирилген.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн алтын “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан аффинаждык ишканада аны кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат. Кыргыз Республикасында аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүүгө жалгыз укукка “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2011-жылдын II кварталында жалпы өндүрүштүк чыгымдар амортизацияны жана эскирүүнү эске алганда 85,5 млн. долларды түздү.

2011-жылдын II кварталында капиталдык чыгымдар жалпысынан 46,0 млн. долларды түздү. Алар негизги фондуларды модернизациялоого 8,0 млн. доллар чыгымдар түрүндө: биринчи кезекте оор техниканын ремонтуна (5,1 млн. доллар), калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктетүүгө (1,5 млн. доллар), ошондой эле жалпы наркы 0,6 млн. доллар болгон бир катар башка долбоорлорго чыгымдардан турду.

38,0 млн. доллар өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестицияланды. Бул каражаттар негизинен кендин үстүн ачуу иштерине даярдык иштерине (15,1 млн. доллар), САТ 789 самосвалдарын сатып алууга (11,0 млн. доллар), жер астындагы жантайыңкы жерлерди жакшыртууга (9,7 млн. доллар), жер астындагы контурлоочу бургулоого (0,5 млн. доллар), Балыкчы шаарындагы өткөөл база үчүн жүктөгүчтөрдү сатып алууга (0,5 млн. доллар), ошондой эле бир катар башка долбоорлорго (1,2 млн. доллар) жумшалды.

Геологиялык чалгындоо иштери

2011-жылдын II кварталында “Кумтөрдөгү” геологиялык чалгындоого чыгымдар 2,8 млн. долларды түздү.

2011-жылдын II кварталында геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде улантылды.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр” кен ишканасынын көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализдөө системасында: www.sedar.com (SEDAR) жана http://file.marketwire.com/release/CCG728a.pdf жайгаштырылган, ошондой эле компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Жер астындагы участоктордогу иштер

“Кумтөрдө” жер астындагы жантайыңкы жерлерден өтүү боюнча иштер улантылууда, анда 2011-жылдын II кварталында 490 метр өтүлдү. Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын алты айында 891 метр өтүлдү. SB зонасынын жер астындагы участогуна түшүүчү жерде (№1 түшүүчү жер) өткөн кварталда 193 метр өтүлдү жана жалпы узундугу 1,5 км жакындоодо.

Штокверк зонасына жер астындагы участокто түшүүчү жерде (№2 түшүүчү жер) 153 метр өтүлдү жана жалпы узундугу 807 метрди түзөт. Штокверк зонасынын бутагында өткөн кварталда 144 метр өтүлдү жана эми жантайыңкы жердин жалпы узундугу 429 метрди түздү.

«Биз өткөн кварталдагы “Кумтөрдөгү” иштердин жогорку өндүрүштүк натыйжаларына ыраазыбыз жана алтын өндүрүүнүн үстүбүздөгү жылы орнотулган деңгээлин карманууну улантуудабыз”,-деп билдирди “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” президенти Роберт Вандер.

2011-жылга прогноз

«Кумтөр» кен ишканасында 2011-жылы 550-600 тыс. унция же 17,1 – 18,6 тонна алтын өндүрүү пландаштырылууда.

2011-жылы капиталдык салымдар 205 млн. долларды түзмөкчү. Мында өнүктүрүүгө чыгымдар 169 млн. долларды түзмөкчү; негизги фонддорду модернизациялоого 36 млн. доллар жумшалмакчы.

Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен жети CAT 789 жүк ташуучу автомашиналарды (21 млн. доллар) жана карьердин түндүк бортун кеңейтүү боюнча иштер үчүн башка техниканы (28 млн. доллар) сатып алууга, карьердеги кыртышты ачуу иштерине даярдыктарга (62 млн. доллар), ошондой эле тоо-тектерин төгүү аянтын кеңейтүүгө (3 млн. доллар) жана башка долбоорлорго багытталмакчы. 52 млн. долларды жер астындагы участокторду жайгаштырууга багыттоо пландаштырылууда.

Негизги фонддорду модернизациялоого бөлүнгөн каражаттардын эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (19 млн. доллар), калдыктарды сактоочу чарбанын дамбасын бекемдөөгө (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (12 млн. доллар) багытталмакчы.

Геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 2011-жылы 13 млн. долларды түзмөкчү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 80 млн. 761 миң долларды түздү. КРУБдун 2011-жылдын 30-июнуна карата расмий курсу боюнча бул сумма 3 миллиард 650 миллион сомдон ашат. (2010-жылдын I жарым жылдыгында – 3 450,8 млн. сом). (Салык төлөмдөрүнүн структурасы №2 таблицада келтирилген).

Башка окуялар

2011-жылдын 23-июнунда “Центерра Голд” компаниясы акционерлердин жылдык атайын чогулушун өткөрдү. Анда акционерлер тарабынан жетекчиликтин бардык чечимдери жактырылды жана курамы он эки адамдан турган Директорлор кеңеши түзүлдү.

Мурда билдирилгендей (“Центерра Голд” компаниясынын үстүбүздөгү жылдын 11-июлундагы пресс-релизи), Компания Монголиянын чыгышында жайгашкан Алтан Цагаан Овоо (АЦО) кенинде алтындын олуттуу запастары табылгандыгы жөнүндө жарыялаган. Бул пайдалуу кендерди иштетүү үчүн жаңы перспективалуу участок. Июнда бургуланган 35 кошумча скважиналар үстүнкү жактан башталып тереңди көздөй ишеничтүү уланган жогорку минералдашуу аймагын көрсөтүүдө.

Директорлор кеңеши Компаниянын 2011-жылга геологиялык чалгындоо иштерин финансылоосун 34 млн. доллардан 40 млн. долларга чейин жеткирүү менен аны 6 млн. долларга көбөйтүү планын бекитти. Мында финансылоонун кошумча көлөмүнөн 4 млн. доллары Алтан Цагаан Овоо кениндеги андан аркы иштерди жүргүзүүгө багытталган.