маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү

маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү

Жарыяланган: 01 July 2019

Кабыл алуу жабык
«Кумтөр Голд Компани» маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүгө компанияларды жана жеке ишкерлерди кызматташтыкка чакырат.

«КГК» төмөнкү багыттар боюнча сервис-өнөктөш болгон же сертификацияланган адистери бар компаниялардан жана жеке ишкерлерден лоттор негизинде даярдалган сунуштарын карап чыгууга даяр:

Лот №1. VHF-радио байланыш кызматтарын колдоо – талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн башкарылуучу кызматтар

КГК бир нече VHF ретранслятордук станцияларын башкарат жана алар Кумтɵр кенин, Бишкекти, Балыкчыны жана тɵмɵнкү маршрутту бойлой кеңири аймакты камтыйт: Бишкек – Балыкчы – түштүк автомобиль жолу менен Барскоон айылына жакын жайгашкан автобус станциясы – Кумтɵр кенине кеткен жол.

Бул системанын иштɵɵсүн камсыздап, керек болгондо пландалган мониторинг жана алмаштыруу/ тейлɵɵ кызматтарын камтыган техникалык колдоо талап кылынат.

Бул репитерлердин тейлɵɵсү жогорку деңгээлдеги коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоо менен жүргүзүлүшү керек. Колдоо кɵрсɵтүү ичине радио системалар, күн жана башка стационардык энергия системалары, имараттар, кабельдер жана колдоочу жабдуулар кирет.

Каналдардын жана жыштыктардын бɵлүштүрүү планын түзүү, ошондой эле тоскоолдуктарды башкаруу бул кызматтардын негизги тапшырмасы болот.

Мобилдүү жана колго кɵтɵрмɵ VHF-радио байланыш станцияларын жеринен жана алып кетип тейлɵɵ жана оңдоо.

Ретрансляторлор алыс жана бийик тоолуу аймактарда жайгашкан. Провайдерлердин аталган шартта кызмат кɵрсɵтүү үчүн тиешелүү тажрыйбасы болуп жана коопсуздукту камсыздашы керек. Коопсуз транспорт, ЖКК жана жумушка керектүү аспап менен кызмат кɵрсɵтүүчү тарап ɵзү камсыздашы керек.

Кырсыктардын нɵлдүк кɵрсɵткүчүн камсыздоо максатында Кумтɵр уруксаттарды берүү жана уруксат процедураларын башкаруу укугуна ээ.

Кумтɵр кенине иштегени/сапарга бараткан жумушчулар медициналык жана коопсуздук бɵлүмдɵрүнүн кароосунан ɵтүшү керек.

Материалдар сатуучу же Кумтɵр тарабынан зарылчылыкка жараша берилет.

Керек болгон жабдуулардын толук тизмеси ийгиликтүү талапкер менен бирге түзүлɵт.

Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:

  • Компаниянын адистеринин резюмеси жана сунуш каттары.
    Бул маалымат тапшырылгандан соң ылайыктуу талапкерлерге объектилердин жана жабдуулардын толук тизмеси жиберилет.
  • Ретранслятордук станцияларды колдоо үчүн бир айга белгиленген тɵлɵм баасы, пландалган тейлɵɵ графиги менен чогуу.
  • Бишкек жана Регионалдык офистерге, Кумтɵр кенине алыстан колдоо кɵрсɵтүү үчүн бир күнгɵ белгиленген тɵлɵм баасы, объектиге баруу убактысы менен.
  • Толук эмес күндɵр кошулуп эсептелет.
  • Мобилдүү жана колго кɵтɵрмɵ VHF-радиостанцияларынын ремонт баасы.

 

 

Лот 2. Принтерлерди тейлɵɵ  – талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн башкарылуучу кызматтар

 Кумтɵр «HP» жана «Xerox» фирмаларынын  басып чыгаруучу/ MFD-чɵйрɵсүндɵгү каражаттарын колдонот.

Кумтɵр кенинде, Балыкчы, Каракол жана Бишкекте талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн жана активдүү тейлɵɵ кызматтары керектелет.

Өз убагында профилактыкалык текшерүү, түзɵɵ, скандоочу катмарларды тазалоо жана керек болгондо тетиктерди алмаштыруу талап кылынат.

Талап боюнча диагностика, калыбына келтирүү жумуштарын жеринде аткаруу. Бул жумуштар, жабдуу токтогондо, иштебей калганда жана башка дефектилери табылган учурда аткарылган механикалык, инженердик ремонттук иштерди камтыйт, бирок алар менен чектелбейт.

Кумтɵр кенине иштегени/сапарга бараткан жумушчулар медициналык жана коопсуздук бɵлүмдɵрүнүн кароосунан ɵтүшү керек.

Коопсуз транспорт, ЖКК жана жумушка керектүү аспап менен кызмат кɵрсɵтүүчү тарап ɵзү камсыздашы керек.

Кырсыктардын нɵлдүк кɵрсɵткүчүн камсыздоо максатында Кумтɵр уруксат берүү жана уруксат процедураларын башкаруу укугуна ээ.

Материалдар сатуучу же Кумтɵр тарабынан зарылчылыкка жараша берилет.

Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:

  • Мекеме жана анын негизги ишмердиги тууралуу кыскача маалымат.
  • Ушундай сыяктуу мурун аткарылган кызматтар боюнча башка уюмдардан берилген мактоо каттарды тапшыруу керек.
  • Кызмат кɵрсɵтүүчүлɵр ɵтүнмɵлɵргɵ жооп берүү убактысы тууралуу SLA келишимин сунуштоосу зарыл.
  • Сааттык жана аткарылган жумуштун акыларын камтыган кызматтардын тизмеги
    • Баалар аталган жайлар боюнча берилиши керек;
    • Принтерлерди талап боюнча орнотуу акысы;
    • Материалдардын/тетиктердин баасы;
    • Бекитилген тейлɵɵ графиги боюнча пландалган тейлɵɵ акысы;
    • Талап боюнча жасалган ремонт үчүн акы.
  • Ылайыктуу тажрыйбасы бар жана Кумтɵр кенине барганга чектɵɵлɵрү жок адистердин тизмеги (алар милдетүү түрдɵ медициналык кароодон ɵтүшɵт).
  • Жарактуу лицензиялары жана уруксаттары бар.

 

Лот 3. Желе түйүндɵрүн тейлɵɵ (LAN / WAN / Satellite) – талап боюнча

 Аткарылуучу жумуштар:

Кумтɵр жез, оптоволокно, радиореле, спутник жана Wi-Fi технологияларын айкалыштырган LAN/WAN технологиясын колдонот.

Тандалган компания Бишкекте, Кумтɵр кенинде, Балыкчыда, Караколдо жана башка Кыргызстандын региондорунда талап боюнча алыстан жана жеринде желе түйүндɵрүн тейлɵɵ кызматтарын кɵрсɵтɵт.

Минималдуу талаптар:

  1. Жез жана оптоволокно кабельдерин коммутациондук панель жана бɵлүштүрүү щит аркылуу кошуу;
  2. Желе жабдууларын орнотуу;
  3. Радиореле жана WiFi жабдууларын орнотуу;
  4. Спутник байланыш жабдууларын орнотуу.

Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:

  • Мекеме жана анын негизги ишмердиги тууралуу кыскача маалымат.
  • Бишкекте, Кумтɵр кенинде, Балыкчыда, Караколдо жана башка Кыргызстандын региондорунда талап боюнча алыстан жана жеринде кɵрсɵтүлүүчү тейлɵɵ кызматтарынын тизмеги, баарын камтыган бир күндүк кызмат акылары менен (салыктар жана милдеттүү тɵлɵмдɵр, персоналды жумуш жерине алып баруу жана алып келүү, эмгек акылары жана командировка тɵлɵмдɵрү, жана ар кандай жɵлɵк пулдар, ж.б.у.с.).
  • Адистердин квалификациясына/тажрыйбасына ылайык баалар.
  • Ушундай сыяктуу кызматтарга SLA-келишим.
  • Ылайыктуу тажрыйбасы бар адистердин тизмеги. Кумтɵр кенине иштегени/иш сапарга барган адистер медициналык жана коопсуздук бɵлүмдɵрүнүн кароосунан ɵтүшү керек.
  • Ушундай сыяктуу мурун аткарылган кызматтар боюнча мекемеге берилген сунуш каттарды тапшыруу керек.
  • Сертификация жана башка провайдерлер менен партнердук мамилелер тууралуу маалымат.

 

Лот 4. Желеге кошулган UPS каражаттарын тейлɵɵ – башкарылуучу кызматтар

Аткарылуучу жумуштар:

Кумтɵр менчик системасынын жеткиликтүүлүгүн камсыздаган кɵп сандагы желеге кошулган APC UPS жабдууларын колдонот.

Кумтɵргɵ тɵмɵнкү кызматтарды кɵрсɵткɵн провайдер керек:

  1. Белгиленген интервалда КГКнын жабдууларын инспекциялоо;
  2. Керек болгон учурда алмаштыруу жана тейлɵɵ жүргүзүү.  Бул жабдуулардын  тейлɵɵсү жогорку деңгээлдеги коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоо менен жүргүзүлүшү керек;
  3. Талап боюнча орнотуу;
  4. Талап боюнча UPSти оңдоо.

Бул жабдуулардын ишке жарамдуулугун камсыздаган жана керек болгондо мониторинг менен алмаштыруу/тейлɵɵ кызматтарын камтыган техникалык колдоо талап кылынат.

Тендердин катышуучулары сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:

  • Баарын камтыган сааттык акыларын же аткарылган жумуштун акыларын чагылдырган кызматтардын тизмеги, кийинки локациялар боюнча: Бишкек, Балыкчы, Каракол, кен жайы;
  • Жабдуу/шаймандардын стандарттык тизмеси баалары менен;
  • Жогоруда аталган жабдуулар үчүн сарпталуучу материалдар жана тетиктер;
  • Ылайыктуу тажрыйбасы бар жана Кумтɵр кенине барганга чектɵɵлɵрү жок адистердин тизмеги (алар милдетүү түрдɵ медициналык кароодон ɵтүшɵт);
  • Жарактуу лицензиялар жана уруксаттары бар;
  • Мекеме жана анын негизги ишмердигин сүрɵттɵгɵн кыскача маалымат;
  • Ушундай сыяктуу мурун аткарылган кызматтар боюнча мекемеге берилген сунуш каттарды тапшыруу керек. Мурунку жасалган жумуштардын сүрɵттɵрү талап кылынат.

 

Келишим баашында 1 жылга чейин созулат.

Коммерциялык сунуштоолор ар бир лот үчүн өзүнчө берилиши керек. Талапкерлер бир же бир нече лотко сунуштоо жиберүүгө укуктуу.

Кен-жайда иштегенге/барганга  туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Кошумча техникалык маалыматка муктаж болгон талапкерлер алгач өздөрүнүн алдын-ала сунуштоолорун жибериши керек. Мындай алгачкы сунуштоодо мүнөздөмөлөр, сертификаттар, өнөктөштүк тууралуу маалымат жана талап кылынган техникалык маалымат амтылышы зарыл.

Кошумча техникалык маалымат жашыруун (конфиденциалдуу) болгондугу үчүн  КГКнын чечими менен ишенимдүү талапкерлерге гана берилет.

Суроо-талаптарыӊызды KGC.supplychain@centerragold.com электрондук дарегине 2019-ж. 19 июль, саат 17:00 чейин жиберсеӊиз болот.

Коммерциялык сунуштарды, чапталган жабык конверттин ичинде жана «IT кызматтары боюнча сунуштоо, Лот №… » деген жазуусу менен 2019-ж. 19 июль, саат 17:00 чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, «Учкун» имараты, 10-кабат.

КГК ишканасы тапшырылган баа сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. Талапкерлердин бул сынак боюнча чыгымдарын кайра кайтарып берүү доолору/талаптарын КГК ишканасы кабыл албайт.