«Кумтөр» компаниясы IT-технологияларды өнүктүрүү жана Ысык-Көл облусунун жаштарынын арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоорду колдоду

«Кумтөр» компаниясы IT-технологияларды өнүктүрүү жана Ысык-Көл облусунун жаштарынын арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоорду колдоду

Жарыяланган: 27 July 2020

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Каракол шаарынын IT Академиясынын («Steps to Success” Коомдук бирикмеси) 2020-2021-окуу жылына эсептелген “Каракол IT-Академиясында 2020-2021 окуу жылында програмалоо боюнча адистерди (Front-End+PHP) даярдоо” долбоорун ишке ашырууну колдоду. Долбоордун бюджети 61 060 АКШ долларын түзөт.

Долбоор санариптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечектерин көрсөтүүгө, IT-технологияларды өздөштүрүү процессин ишке киргизүүгө, санариптик сабаттуулукту жогорулатууга жана региондогу айыл жаштарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тамга, Тосор жана Саруу айылдарынын мектебинин 9 жана 11-класстарынан 12 окуучу тандалып алынып, алар Каракол шаарынын IT Академиясында бекер окушат. Окуу жылынын ичиндеги окуу мезгилинде аларга бекер ноутбуктар берилет. Окуу бүткөндөн кийин алар Front-End кенже иштеп чыгуучу кесибине ээ болот.

Бүтүрүүчүлөр окууну аяктаган соң кийинки жылдын ичинде айылдарда окутуу тренингдерин жана шыктандыруучу жолугушууларды  өткөрөт. Окутуунун практикалык натыйжасы болуп дипломдук иштер эсептелет, анда бүтүрүүчүлөр төмөнкү продукттарды иштеп чыгышы керек:

1) айыл өкмөтү үчүн (электрондук кабылдама, жергиликтүү кеңештин документтерин макулдашуунун электрондук системасы) жана мектептер үчүн (электрондук күндөлүк/ журнал, онлайн сабактарды өткөрүү үчүн мугалимдер аянтчасы) интернет-сайт;

2) booking.comдогу иштеп жаткан конок үйлөрү үчүн баштапкы профилдерди түзүү;

3) экологиялык продукцияларды сатуу-сатып алуу үчүн сайттарды, айыл чарба азыктарын сатуу-сатып алуу үчүн сайт, мал жана тоюттарды сатуу-сатып алуу үчүн тиркеме иштеп чыгуу.

Иштелип чыккан продуктуларды тандоо муктждыктарды баалоонун негизинде жүргүзүлөт. Иштелип чыккан продуктулардын бардык ээлери окутулат.

60 адамды (информатика мугалимдерин, жаштарды, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин ж.б.) онлайн окутуу каралган. Конок үйлөрүнүн ээлери үчүн booking.com брондоонун онлайн системасын каттоо жана пайдалануу боюнча сабактар өткөрүлөт.

Ошентип, долбоор түздөн-түз жаштардан тышкары, мектептеги билим берүүнү, жергиликтүү ишкерлерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын долбоордун ар бир айылындагы санариптештирүү процессин ишке киргизүү аркылуу колдоого багытталган.