Ысык-Кɵл облусунун «Жаштар банктары» мындан аркы ишмердүүлүгүнүн стратегиясын иштеп чыгышты

Ысык-Кɵл облусунун «Жаштар банктары» мындан аркы ишмердүүлүгүнүн стратегиясын иштеп чыгышты

Жарыяланган: 25 September 2015

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү Ысык-Кɵлдɵ «Кумтɵр Голд Компанинин» каржылык колдоосу астында Борбор Азиянын Евразия фонду (ФЕЦА) жүзɵгɵ ашырып жаткан «Жаштар банктары» долбоорунун алты мүчɵсү катышкан «Ɵкмɵттүк эмес уюмдарды натыйжалуу башкаруу: миссиядан тажрыйбалык натыйжаларга» конференциясы болуп ɵттү.

strategy_youthbanks1
Конференциянын жүрүшүндө жаштар жакынкы үч жылга ишмердүүлүктɵрүнүн стратегиясын иштеп чыгышты. Анын жыйынтыктары боюнча активисттер мындан аркы иштеги приоритеттерин белгилеп, туруктуу ɵнүктүрүүнү камсыздоочу жол-жоболорду аныкташты. Атап айтканда, институционалдык ɵнүктүрүү боюнча –демилгелүү топтордон коомдук фондду каттап, анын аркасы менен Ысык-Кɵл облусунун жамааттарындагы көйгөйлөрдү жана маселелерин чечүүдө жаштардын катышуусун улантуу жана мобилизациялоо каралган.

«Биздин башкы милдетибиз – «Жаштар банктары» долбоор аяктагандан кийин да сырткы колдоосуз ɵз алдынча ийгиликтүү иштеп кетиши. Конференция бул багытта маанилүү кадам », – деп белгиледи ФЕЦАнын долбоорлор боюнча адиси Динара Ибрагимова.

“Жаштар банктарынын” мүчɵлɵрү каржылык туруктуулук менен байланышкан маселелерди да талкуулашты, аны донорлор тарабынан каражаттарды тартуунун да, ошондой эле калкка жана коммерциялык ишканаларга ар кандай кызмат кɵрсɵтүүнүн эсебинен да камсыз кылуу болжолдонулууда. Балдар ɵз ишмердүүлүгүндɵ билим берүү жана кеңеш берүүчү кызматтар, калкка укуктук жардам кɵрсɵтүү, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор чɵйрɵсүнɵ басым жасоону көздөшөт.

Маалымат үчүн: «Жаштар банктары» – бул ɵз жамааттарынын турмушуна активдүү катышкан ыктыярчылардын демилгелүү топтору. Мындай топтор бир аз мурда алты калктуу пунктта: Балыкчыда, Караколдо, Бɵкɵнбаевде, Тамгада, Кызыл-Сууда жана Түптɵ түзүлгɵн. «Жаштар банктары» билдирмелерди кабыл алат жана жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ багытталган кызыктуу долбоорлорду колдойт.

strategy_youthbanks2