Ысык-Көл областынын фермерлерин теплица курууга үйрөтүшмөкчү

Ысык-Көл областынын фермерлерин теплица курууга үйрөтүшмөкчү

Жарыяланган: 26 September 2013

В Иссык-Кульской области фермеров научат строить теплицы2013-жылдын 26-сентябрында Түп районунун Сары-Дөбө айылында «Билим» окуу борборунун базасында окутуу максатындагы теплицанын ачылышы болуп өттү. Бул «АВЕП» коомдук фондусу жүзөгө ашырып жаткан «КАРАГАТ+» долбоорунун алкактарында «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосунан улам мүмкүн болду.

Бардык кызыккан фермерлер Ананьево, Түп, Барскоон жана Бөкөнбаев айылдарындагы кесиптик лицейлерден теплица куруу, ошондой эле теплица шарттарында жашылчаларды өстүрүү методдоруна окутуудан өтө алышат.

«Биз айылдыктарды жеткиликтүү сырьену пайдалануу менен теплица курууга үйрөтөбүз. Ар бир фермер жергиликтүү рыноктордон зарыл курулуш материалдарын таба алуусу маанилүү. Долбоордун алкактарында курстардын бүтүрүүчүлөрүнө «Балыкчы-Финанс», «Тоң-Финанс» жана «Жети-Өгүз-Финанс» микрокредиттик агенттиктеринен 4 жылга чейинки мөөнөт менен жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү берилмекчи»,- деп белгиледи «КАРАГАТ+» программасынын менеджери Нурлан Токонов.

«Кумтөр» компаниясынын жана «АВЕП» КФсынын «КАРАГАТ+» биргелешкен 3 жылдык долбоору жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш продукциясы рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашыруу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында КФ фермерлерди карагаттын жаңы мол түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааларды суугаруунун инновациялык методдоруна окутмакчы. «АВЕП» фондусунун адистери айыл чарба продукцияларынын питомниктеринин, теплицаларынын жана кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүшмөкчү. Кеңири маалымат төмөнкү сайта жеткиликтүү: www.karagat.kg

Маалымат үчүн:

«АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын айыл региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө натыйжалуу көмөктөшүү максатында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеңири спектри менен иштөөчү Борбор Азиялык өкмөттүк эмес жана саясий эмес уюм.