ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 21 April 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн  АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Түстүү металлдардын металлургиясы», «Пайдалуу кендерди байытуу», «Химия жана химиялык технологиялар» адистиктер боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office программаларында иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Туруктуу үзгүлтүксүз ɵндүрүштүк процессти камсыз кылуу максатында бɵлүм башчынын тапшырмаларын аткаруу.
  • Долбоордук иштерге катышуу.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 16:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.