ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын Пробирдик-аналитикалык лабораториясына Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Төмөнкү багыт боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү): Химиялык технология;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Лабораториянын приборлорунун жана инструменттеринин абалы жөнүндө жетекчиликке билдирүү;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.