«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниянын ишмердүүлүгүнүн Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексине ылайыктуулук сертификатын алгандыгы жөнүндө билдирет

«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниянын ишмердүүлүгүнүн Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексине ылайыктуулук сертификатын алгандыгы жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 28 May 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниянын ишмердүүлүгүнүн Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексине ылайыктуулук сертификатын алгандыгы жөнүндө билдирет 2012-жылдын 22-майында «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясы өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүн Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексине толук ылайыктуулукта жүргүзүп жаткандыгын тастыктоочу Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун сертификатын алды. Андан мурда, 2012-жылдын апрелинде Цианидди пайдалануу институту компаниянын транспорттоо процедураларынын Кодекстин стандарттарына ылайыктуулугу жөнүндө да билдирген.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» цианидди транспорттоого, сактоого жана алтын өндүрүүдө пайдаланууга тиешелүү бардык процедуралардын жана документациянын аудитинен жана тыкан текшерүүсүнөн өттү. Цианидди пайдалануунун эл аралык институту тарабынан тандалып алынган көз карандысыз эксперттер транспорттоо, сактоо, компаниянын бардык процедуралары жана операциялары Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексинин принциптери менен толук ылайыктуулукта жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө корутунду беришти.

Көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жана алардын корутундуларынын негизинде «Кумтөр Оперейтинг Компани» транспорттоого жана операцияларга тиешелүү сертификаттарды алды, алар ар бир үч жылда тастыкталып турмакчы.

Маалымат үчүн:

Цианидди пайдалануу кодекси цианидди пайдалануу менен алтынды өндүрүүгө катышкан компаниялар жана цианидди өндүргөн жана транспорттогон компаниялар үчүн ыктыярдуу тармактык программа болуп саналат. Ал БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасынын астында иштелип чыккан. Бул Кодекс өндүрүштүк процесс жүргүзүлүп жаткан өлкөлөрдүн аракеттеги мыйзамдары жана нормативдүү актылары менен белгиленген аракеттеги милдеттенмелерге жана нормаларга кошумча кабыл алынган.

Цианидди пайдалануунун эл аралык институту (ICMI) Кодекстин стандарттарын жайылтуу жана киргизүү, аны кармануунун сапатын баалоо, ошондой эле компанияларды сертификаттоо процессин башкаруу үчүн түзүлгөн.

Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун иши жөнүндө маалымат жана сертификаттоодон өткөн компаниялардын тизмеси төмөнкү сайтта жеткиликтүү: www.сyanideсode.org

«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясы өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүн Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексине толук ылайыктуулукта жүргүзүп жаткандыгын тастыктоочу Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун сертификатын алды